Бишкек – Ош жолунда мазут ташыган унаа оодарылып кетти

Кырсык 14 Январь 2026 12:21
1.jpg
2.jpg
3.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызавтожол-Түштүк"

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:50лөр чамасында Бишкек – Ош жолунда мазут ташыган унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу "Кыргызавтожол-Түштүк" ишканасынан билдиришти.

Бензовоз жолдун 428-чакырымында рулдук рейкасы үзүлүп кетип, унаа жолго аңтарылып кеткен. Окуянын кесепетинен жабыркагандар жок.

Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу ачык.