Бишкек - Ош унаа жолунун четин тегиздөө иштери жүрүп жатат

Аймак 928 18 Март 2025 10:42
480328914_959711806337566_1932567196131162851_n.jpg
480964726_959711803004233_6232976841436423270_n.jpg
480969023_959711719670908_3548801930707449541_n.jpg
481676555_959711716337575_1556882476225184035_n.jpg
482248348_959711686337578_5945430937927970012_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолунун 60-80-чакырымдар аралыгында атайын техниканын жардамы менен жол четин тегиздөө иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар министрликке караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан аткарылууда.

Ошондой эле жолчулар парапеттердин түбүн тазалап, айлананы иретке келтирип жатышат.

Белгилей кетсек, №9 ЖТИси Бишкек-Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта ишкананын кызматкерлери тарабынан жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштерине даярдык көрүлүүдө.

Мындан тышкары, бардык аймактарда лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө.