Бишкек – Ош унаа жолуна узундугу 750 метр туннель куруу пландалууда

Коом 2174 15 Апрель 2025 16:00
1.jpg
489883312_981449860830427_6650504489899919827_n.jpg
488877170_981449887497091_4005214107407670841_n.jpg
490295040_981449960830417_8796347490061414842_n.jpg
490488579_981449957497084_3912690726440368867_n.jpg
490734479_981449850830428_8470085590676016297_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу" долбоорунун алкагында Япониялык компания менен келишимге кол койду.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министр Абсаттар Сыргабаев, орун басары Бекназар Базаралиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана башка расмий меймандар катышты.

Долбоордун алкагында Бишкек - Ош унаа жолунун 400-чакырымына узундугу 750 метр болгон тоннелди курууга Япониянын Takenaka Civil Engineering компаниясы менен контракттык келишимге кол коюлду.

Ведомство жетекчиси Сыргабаев өз сөзүндө Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Япония өкмөтүнө жана JICA агенттигине терең ыраазычылык билдирди.

Тараптар долбоорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, курулуш иштерин 2025-жылдын июнь айында баштоо пландалууда.