Бишкек - Ош унаа жолунда аң-чөнөктөр жамалууда

Аймак 10 апрель 2025 14:02
480966221_977484217893658_4427087697488371388_n.jpg
487807447_977484164560330_5678877365582824768_n (1).jpg
487974642_977484161226997_7223311973785760879_n.jpg
489058301_977484304560316_6302284989630473633_n (1).jpg
489456936_977484087893671_5506931553144683770_n.jpg
489830395_977484084560338_5031254773303326593_n.jpg
490116455_977484091227004_1677723475419006824_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда иштер №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан трассанын 91-93-чакырымдар аралыгында уланууда.

Ишкана Бишкек - Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта жолчулар тарабынан 626 м2 аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылды. Алдыда жумуштар планга ылайык уланат.

Ушундай эле жумуштар, бардык Жол тейлөө ишканалары тарабынан жүрүп жатат.

Мындан тышкары, жолчулардын күчү менен аймактарда лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, асфальт төшөө сыңдуу жол иштери жүрүүдө.