Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда жаңы айланма жол курулууда

Аймак 157 19 Август 2026 09:00
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.08.00.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 346-чакырымында жаңы айланма жолдун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, узундугу 500 метр болгон төрт тилкелүү айланма жол Бишкек, Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа багытындагы жолдорду байланыштырып, унаа кыймылын иретке келтирүүгө багытталган.

"Учурда жолдун негизги төмөнкү катмары төшөлүп, анын үстүнө бекемдөөчү катмарды төшөө үчүн даярдык жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштерин №2 Жол куруу башкармалыгы аткарууда.