Кубакынын бурулушуна жол чырак орнотулду

Аймак Загрузка... 19 Май 2026 10:03
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Кубакынын бурулушуна жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда жол чырак тесттик режимде иштеп жатат.

Жол чырак орнотуунун негизги максат жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болгон жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат.

Кубакынын бурулушу маанилүү транспорттук түйүндөрдүн бири болуп эсептелет. Анткени, Бишкектен бара жаткан багытта бул жерден бир тарабы Ысык-Көл облусуна, ал эми экинчи тарабы Нарын облусуна бурулат.

Унаа агымы көп болгондуктан, жол чырактын орнотулушу кыймылды жөнгө салып, айдоочулар үчүн коопсуз шарт түзөт.

Жол чырак 2026-жылдын 21-майынан тарта толук кандуу иштеп баштайт.