Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн жашоочулары менен унаа жолун реконструкциялоого тийиштүү аймакты бошотуу иш-чарасынын алкагында жолугушту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолгушууда мэрдин орун басары эгерде бош жер участоктору болсо, Чыңгыз Айтматов проспектиси тарабынан объектти чегинтүү эсебинен Восточная көчөсүнөн жер участокторун бөлүп берүү маселеси карала турганын айтты.
"Ошондой эле сиздер Восточная көчөсүн оңдоп-түзөөнү сурандыңыздар эле. Мэрия тротуар куруу менен көчөнү оңдоого даяр," - деп белгиледи Кадыров.
Учурда компенсация маселеси ачык бойдон калууда. Мэрдин орун басарынын айтымында, бул маселе ар бир участок боюнча тургундар менен биргеликте жеке тартипте каралат.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн айрым чарба курулуштар жана тосмолор алынат, толугу менен "Рахат" кафеси кирет.
Азамат Кадыров тургундарга долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүнү өтүндү.
"Эч ким сиздердин жеке менчигиңиздерге кол салбайт, биз муниципалдык жерлерде гана иш жүргүзүп жатабыз. Сиздердин укуктарыңыздарга эч ким тийбейт. Бирок, сураныч, долбоордун ишке ашырылышын кечиктирбеңиздер", - деп кошумчалады мэрдин орун басары.
Бардык тосмолор мамлекеттин эсебинен бир тилкеге орнотулуп, бирдиктүү дизайнда жасалат.
Участоктору реконструкциялоого туш келген тургундардын жана шаардык кызматтардын катышуусу менен маселелерди натыйжалуу кароо максатында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле юридикалык чектен чыккан участоктор да бар, жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан аларды демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, Бишкектин Айтматов проспектисинин Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү кеңейтилип, 6 тилкелүү болору айтылган. Учурда аталган проспекттин бул бөлүгү оңдоо иштерине жабылган. Жолдун кеңейтилишине байланыштуу кызыл сызыктан чыккан үйлөр 14 метрге артка жылуусу керек экендиги айтылган, бирок жашоочулар буга нааразычылыктарын билдирген. Учурда мэрия 5 метрге жылышы керек деген талап коюуда.