Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын «Алга KIDS» командасынын футболчулары менен жолугушту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри жаш спортчуларга эстелик белектерди тапшырып, 27-31-мартта Ташкент шаарында өткөн 2015-жылы төрөлгөн балдар арасында өткөн «Достлик-2025» жаштар арасындагы эл аралык турнирдеги жеңиши менен куттуктады.
Айбек Жунушалиев футболчуларга дем-күч сөздөр менен кайрылып, ата мекендик спортчулар үчүн «Алга» стадионунда бардык шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.
Мелдешке үч өлкөдөн (Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан) 24 команда катышып, үч топко бөлүнгөн.
«Алга» командасы финалда Ташкенттин «Локомотив» командасы менен кездешип 2:1 эсебинде жеңишке жетишти, муну менен өз тобунда биринчи орунду ээледи.