Кесипке багыттоо: Бишкек мэри №1 мектеп-интернатынын устаканалары менен таанышты

Коом 26 май 2026 17:40
706297174_1465827302259786_1304275502996060451_n.jpg
706017301_1465826998926483_5072023916784211190_n.jpg
706257157_1465827212259795_7542638078991282571_n.jpg
706297077_1465826715593178_8650004313414790129_n.jpg
706297174_1465826655593184_4500941225840975149_n.jpg
706318128_1465827525593097_1469082671580250874_n.jpg
706377971_1465826592259857_8734474345361873625_n.jpg
706418009_1465827072259809_2352641656564420842_n.jpg
706457340_1465826785593171_5619916366391448255_n.jpg
706538194_1465827132259803_5798813228711633712_n.jpg
706650579_1465827615593088_1862612673542733626_n.jpg
706760091_1465827752259741_1464499813083912590_n.jpg
707079542_1465826518926531_8660953170399335875_n.jpg
707693743_1465827662259750_948030553068134694_n.jpg
708123789_1465826862259830_6021946968331224533_n.jpg
708501900_1465827385593111_4772084645663132880_n.jpg
708557663_1465826945593155_3346888593229483262_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №1 мектеп-интернатына барып, окуучуларды кесипке багыттоочу практикалык сабактардын жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектеп-интернаттын тарбиялануучулары өз алдынча жашоого даярдануу максатында инкубатор менен жөжө багуу жана жашылча өстүрүү, гумус өндүрүү, чач тарач жана тигүүчүлүк өнөрү сыяктуу көндүмдөрдү өздөштүрүп жатышат.

Бул багытта окуучулар өз алдынча жашоого даярдануу үчүн төмөнкүдөй практикалык багыттарды өздөштүрүүдө:

  • Инкубатор менен жөжө багуу;
  • Жашылча өстүрүү жана гумус өндүрүү;
  • Чач тарач өнөрү;
  • Тигүүчүлүк чеберчилиги.

Окуучулар ийримдерде жана устаканаларда жасаган эмгектеринин жыйынтыгын көрсөтүп, коомго ийгиликтүү аралашуу боюнча пландары менен бөлүштү.

Калаа башчысы балдар менен баарлашуу учурунда жашылча өстүрүү боюнча сунуштарын айтып, үй шартында инкубатор жасоо боюнча кеңештерин ортого салды. Жыйынтыгында мэр Айбек Жунушалиев өспүрүмдөрдүн потенциалын өнүктүрүү жана аларды өз алдынча жашоого даярдоо үчүн мекемеде бардык зарыл шарттарды түзүү тапшырмасын койду.