Бишкек менен Чүйдө жеңилдетилген насыяга курула турган мектептердин тизмеси

Билим Загрузка... 22 Январь 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.11.43.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен экинчи фазада курулушу пландалган мектептердин тизмесин окуду.

Анын айтымында, насыялык келишим 25 жылдык мөөнөткө, 1,5 пайыз менен 50 млн доллар алууну камтыйт.

Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына курула турган мектептердин тизмеси:

Бишкек шаары боюнча:

  • Лебединовкадагы "Биримдик-Кут" конушундагы жалпы билим берүүчү мектеп – 750 орун;
  • Новопавловкадагы "Алтын-Ордо" конушундагы жалпы билим берүүчү мектеп – 750 орун;
  • Новопавловкадагы "Кут" конушундагы жалпы билим берүүчү мектеп – 750 орун;
  • Орто-Сай айылындагы Балык-Кумар көчөсүндөгү жалпы билим берүүчү мектеп – 500 орун;
  • Улан кичи районундагы жалпы билим берүүчү мектеп – 750 орун;
  • Келечек конушундагы №87 мектептин кошумча корпусу – 360 орун;
  • Аламүдүн-1 кичи районундагы №38 мектептин кошумча корпусу – 450 орун;
  • Ала-Тоо конушундагы №82 мектептин кошумча корпусу – 1000 орун;
  • 11-кичи райондогу №63 мектептин кошумча корпусу – 360 орун;
  • Койбагаров көчөсүндөгү №63 мектептин кошумча корпусу – 300 орун;
  • Касым конушундагы №83 мектептин кошумча корпусу – 650 орун;
  • Маевка айылындагы мектептин кошумча корпусу – 275 орун.

Чүй облусу боюнча:

  • Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы жалпы билим берүүчү мектеп – 275 орун;
  • Ысык-Ата районунун Карагай-Булак айылындагы жалпы билим берүүчү мектеп – 150 орун.