“Бишкек Аренанын” курулушуна $60 млн сарпталды деген сөз чындыкка дал келбейт

Коом 4 сентябрь 2026 20:50
“Бишкек Аренанын” курулушуна $60 млн сарпталды деген сөз чындыкка дал келбейт

Бишкек, 04.09.26./Кабар/. Бишкек Аренанын” курулушуна 60 миллион доллар сарпталды деген сөз чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Урматтуу достор, соңку күндөрү айрым блогерлердин жана жарандардын баракчаларында “Бишкек Арена” комплексинин курулушуна “60 миллион доллар сарпталды” деген туура эмес маалыматтар активдүү тарап жатат. Бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.

Бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадион “60 миллион долларга курулуп бүттү” деп айткан эмес.

Мындай масштабдуу объектти 60 млн долларга арзан куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул сандарды жөн гана пиар кылып жайылтууну токтотууну суранабыз.

Дүйнөлүк практикага кайрылсак, дүйнө жүзүндө 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу 500 млн доллардан кем болбойт.

Андан арзан баага салынган мындай объектилерди таба албайсыздар.

Биздин стадион албетте, мынчалык кымбатка турган жок, бирок такталбаган сандар менен коомчулукту адаштырууга жол бербейли.

Учурда курулушка кеткен чыгымдарды тактоо максатында атайын комиссия түзүлгөн.

Анын курамына Эсеп палатасы, ИИМ, Прокуратура жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар кирди.

Комиссиянын иши болжол менен 1-2 айга созулуп, бардыгын деталдуу карап чыгат жана анын жыйынтыгында курулуштун так, акыркы суммасы коомчулукка ачык жарыяланат.

Бардык жарандарды жана блогерлерди такталбаган маалыматтарды таратуудан оолак болууга, айрыкча “кошуна өлкөлөрдөн арзан болду” деген куру пиардан карманууга чакырабыз”, – деп жазган ал.