Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Орок айылында 51 миң кишиге ылайыкталган "Бишкек-Арена" стадионунун курулушу белгиленген графиктен алдыда бара жатат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда курулушта миңден ашык жумушчу иштеп, стадионду 2026-жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүү пландалууда.
"Стадион Түркия жана Англиядан чакырылган жооптуу адистердин көзөмөлүндө бардык талаптар менен курулууда. Президенттин тапшырмасына менен аталган стадионду 2026-жылдын 31-августуна чейин куруп бүтүрөбүз”, - деди Туманбаев.
Иш башкармалыктын жетекчиси белгилегендей, 2026-жылы Кыргызстанда ШКУнун саммити өтүп, ага чет өлкөдөн коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Ошого карата бул стадионду ачуу пландалып жатат.
“Учурда жумуштун көлөмү абдан көп. Бүгүнкү күндө миңден ашык жумушчу иштеп жатат. Бетон куюу иштери бүткөндөн кийин иштер этап-этабы менен жүргүзүлөт. Суу, газ, канализация киргизүү иштери былтыр эле бүткөрүлгөн. Учурда курулуш иштери белгиленген графиктен алдыда бара жатат. Бардык курулуш материалдар жетиштүү”,- деди ал.
Ошондой эле стадиондон тышкары унаа токтотуучу жай, дүкөн жана башка шарттар каралары кошумчаланды.
Эскерте кетсек, аталган стадион эки жылдын ичинде курулуп бүтөөрүн жана эсептөөлөр боюнча стадиондун курулушуна болжол менен 60 млн доллар сарпталарын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн жылдын апрель айында стадиондун куруу иштери башталганда билдирген.
Маалыматка ылайык, курулуп жаткан стадиондун аянты 85 миң чарчы метрди, унаа токтотуучу жай жана техникалык зона 60 миң чарчы метрди, коммерциялык аянт 35 миң чарчы метрди түзөт.