"Бишкек Арена” Борбор Азиядагы эң сонун стадиондордун бири – түркиялык ишкер

Пикир 5 октябрь 2026 17:55
"Бишкек Арена” Борбор Азиядагы эң сонун стадиондордун бири – түркиялык ишкер

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. “Бишкек Арена” Борбор Азиядагы эң сонун стадиондордун бири. Бул тууралуу түркиялык ишкер Жем Мехмет “Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында стадион инфраструктурасы жана сыйымдуулугу жагынан абдан мыкты жасалган.

“Арена чындыгында абдан сонун салынган. Стамбулдагы ага-туугандарым, досторум да стадионду көрүп, абдан сонун жасалганын айтып жатышат”, - деди ал.

Жем Мехмет өзү Стамбулдун “Бешикташ” футболдук клубунун күйөрманы экенин айтып, стадиондун сыйымдуулугуна токтолду.

“Мен “Бешикташ” командасынын күйөрманымын. Стамбулда Бешикташ районунда жашайм. “Бешикташтын” күйөрманы катары айтсам, анын стадиону да мындай кубаттуулукта эмес. Менин баамымда, бул стадиондун сыйымдуулугу 55-60 миң орунга жетет окшойт. Ал эми “Бешикташ” стадиону 39 миң 400 орундуу”, - деди түрк ишкери.

Ал "Бишкек Аренанын" курулушун Кыргызстан үчүн маанилүү инвестиция катары баалап, жаңы спорттук объекттин ачылышы менен шаар тургундарын жана кыргызстандыктарды куттуктады.

“Бул жерде чындыгында абдан сонун инвестиция болуптур. Кыргызстандыктарга арена кут болсун!” - деди Жем Мехмет.