Шакира Бишкекке келди: бүгүн ырчы Борбор Азиядагы алгачкы концертин берет

Бишкек, 18.10.26. /Кабар/. Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира 18-октябрга караган түнү Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк гастролдук турнесинин алкагында Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан ырчыны президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жана президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов тосуп алышты.

Ырчынын концерти бүгүн, 18-октябрда саат 19:00дө “Бишкек арена” стадионунда өтөт. Шакира Hips Don’t Lie, Waka Waka, Whenever, Wherever сыяктуу белгилүү чыгармаларын жандуу үн менен аткарат.

Концертке байланыштуу саат 07:00дөн тарта стадиондун айланасындагы Аалы Токомбаев, Муромская, Эр-Тайлак жана Күйүков көчөлөрүнүн айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Көрүүчүлөр үчүн алты акысыз автобус каттамы уюштурулду. Автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин стадионду карай 4–6 мүнөттүк аралык менен каттайт. Концерт аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да каралган.

Уюштуруучулар көрүүчүлөргө жолго чыгуу убактысын алдын ала пландап, акысыз автобустарды пайдаланууну сунушташат.

Концертке билеттерди GovTicket платформасынан⁠ сатып алууга болот.

Шакиранын Бишкектеги концерти Кыргызстанда маданий иш-чараларды жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган эл аралык маанидеги окуялардын бири болот.