Көчмөндөр оюндары: Бишкекте фан-зоналар иштей баштады

Маданият 31 август 2026 18:49
Көчмөндөр оюндары: Бишкекте фан-зоналар иштей баштады

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине карата Бишкек шаарында шаар тургундары жана коноктору үчүн фан-зоналар иштей баштады.

Фан-зоналарда оюндардын салтанаттуу ачылыш аземин түз эфирден көрүүгө, улуттук оюндарга арналган интерактивдүү иш-чараларга катышууга, этно жана фотозоналарга барууга, ошондой эле маданий жана концерттик программаларга күбө болууга болот. Мындан тышкары, коноктор үчүн фуд-корттор жана эс алуу жайлары уюштурулган.

Фан-зоналар төмөнкү даректерде иштейт:

  • Ала-Тоо аянты — башкы фан-зона;
  • Тунгуч кичи районундагы ”Тунгуч-1“ сквери;
  • ”Ынтымак-2” паркындагы амфитеатр;
  • Фучик атындагы парк;
  • Ак-Өргө конушундагы ”Ашар“ паркы;
  • Жал кичи районундагы ”Муун“ сквери;
  • Ч. Түлөбердиев атындагы парк;
  • Токтоналиев көчөсү 62 дарегиндеги спорт комплекси;
  • Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсү, 52 дарегиндеги сквер;
  • Үсөнбаев көчөсү 200/1 дарегиндеги ”Алга” спорт комплекси;
  • Чыгыш-5 кичи району 1А дарегиндеги №66 орто мектеп;
  • Энесай көчөсү 1 дарегиндеги №21 орто мектеп.