Мектептерге 1-класстар үчүн жаңы математика китептери жеткирилүүдө

Билим Загрузка... 24 Октябрь 2025 11:00
cbbb15d4b1672fc2ff0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек,24.10.25./Кабар/. Агартуу министрлиги 1-класстын окуучулары үчүн математика боюнча жаңы муундагы окуу куралдарын даярдап, мектептерге жеткирүүдө.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда Бишкектеги А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар лицейинин биринчи классынынын окуучулары математика сабагын жаңы окуу китептери менен окуп жатышат.

Бул китептер окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, математикалык билимдерин тереңдетүүгө жана предметке болгон кызыгуусун жогорулатууга багытталган.