Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиеваны, Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюанды, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоганды жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёеваны тосуп алды.
Маданий программанын алкагында ардактуу коноктор кыргыз элинин элдик декоративдик-колдонмо өнөрүнүн чеберлеринин эмгектери коюлган көргөзмө менен таанышты.
Экспозицияда кийизден жасалган буюмдар, салттуу тиричилик буюмдары, улуттук оймо-чиймелер жана элдик чеберлердин эмгектери көрсөтүлүп, кыргыз элинин кылымдардан бери муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүк салты тааныштырылды.
Ошондой эле биринчи айымдар үчүн кыргыздын улуттук маданиятын, салттарын жана меймандостугун чагылдырган музыкалык жана бий номерлеринен турган концерттик программа тартууланды.