"Биримдик кербени" Кара-Суудан Өзгөнгө бет алды

Аймак Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 18:10
copyright icon пре

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган "Биримдик кербени" аттуу улуттук жүрүш Ош облусунун Кара-Суу районуна жетип, Өзгөн багытына жол алды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кербендин катышуучулары улуттук кийимдерди кийип, ат үстүндө жүрүш жасап, кыргыз элинин салт-санаасын жана маданий мурасын чагылдырууда. Алар өлкөнүн 40 районунан чогултулган ыйык булактардын суусун алып бара жатышат.

Долбоордун негизги максаты – өлкөнүн аймактарынын биримдигин жана ынтымагын даңазалоо. Ар бир райондон алынган суулар Ысык-Көлдө өтө турган "40 уук – бир түндүк" иш-чарасында бириктирилет.

Учурда Кара-Суу районунан өткөн кербенди райондун акими Чынгыз Бапаев жетектеп, Өзгөн районуна алып баратат.

Белгиленген программага ылайык, 6-августта Баткен облусунун Лейлек районунан жана Ош облусунун райондорунан келген кербендер Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында чогулуп, андан ары Жалал-Абад облусуна багыт алышат.

"Биримдик кербени" 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун адам катышат. Долбоор VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана биримдигин даңазалоого багытталган.