Бир жумада 28 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 24 Август 2026 12:10
784428546_3535788879909951_94989985189053616_n.jpg
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. 14-августтан 20-августка чейин алдын ала маалымат боюнча, 28 миң 367 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 948;
  • мас абалында унаа башкаруу – 519;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 224;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 873;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 5 236;
  • авто ээнбаштык – 38;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 119;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 17;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 15 миң 73;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 320 унаа айып короого токтотулган.