Бишкек, 20.05.25 /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде «Бош орундар жарманкеси» болуп өттү. Бул жарманке жумуш издегендер, студенттер жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш табууга чоң мүмкүнчүлүк берет.
Иш-чара университеттин чоң жыйындар залында ачылып, ишкана өкүлдөрү отурган стенддерде улантылды.
Бош орундар жарманкесине “Империя пиццы” , “Бай Таш групп”, “Алабуга”, “DemirBank”, “MBANK”, жана башка көрүнүктүү ишканалар катышып, студенттер үчүн потенциалдуу иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүлүп, суроолорду берилип, тажрыйбадан өтүү тууралуу макулдашууга мүмкүнчүлүк берген аянтча болду.
MBANK өкүлдөрүнүн айтымында, мындай иш-чараларга катышуу — бул өлкөнүн кадрдык базасынын келечегине болгон инвестиция:
«Биз университеттер, анын ичинде КРСУ менен да кызматташабыз жана жаштардын эмгек жолун биз менен баштоосуна кызыктарбыз. Стажировка — бул алгачкы кадам, жана биз студенттерге мындай мүмкүнчүлүктү беребиз», - деди кадрларды тандоо боюнча жетекчи адис Элеонора Абдраева.
КРСУдагы бош орундар жарманкеси көптөгөн студенттер үчүн жумушка орношууга биринчи кадам болду.