Акыркы жылдары Кыргызстанда абердин-ангус (Aberdeen Angus) асыл тукум уйларына кызыгуу өсүүдө. Бул породанын негизги артыкчылыгы - тез салмак кошуусу жана этинин жогорку сапаты. Айрым учурларда ангус уйларынын салмагы 1 тоннага чейин жетет. Анын төлү менен эти базарда жогорку баада сатылып, фермерлер үчүн туруктуу киреше булагына айланууда. Ангус уйлары генетикалык жактан салмактуу келип, суукка чыдамкайлыгы менен айырмаланат. Бул сапаттары аларды Кыргызстандын ар кайсы климаттык шарттарында багууга ыңгайлуу кылат.
Бул уйлардын эти кадимки уй этине салыштырмалуу кымбатыраак жана сапаты жагынан кыйла жогору бааланат. Анткени, эт өтө жумшак, ширелүү болуп, даамы өзгөчө айырмаланат. Ангус эти стейк жана шишкебек даярдоого өзгөчө ылайыктуу болгондуктан, белгилүү тамактануучу жайларда жана кафелерде суроо-талап жогору.

Өлкөдө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган атайын мамлекеттик программалар ишке ашырылууда. Анын алкагында фермерлерге уйларды жасалма уруктандыруу кызматтары көрсөтүлүп, жеңилдетилген насыялар берилет. Мындай колдоолор төлдү көбөйтүүгө жана малдын сапатын жакшыртууга шарт түзүүдө. Асыл тукум уйларды багуу жана сатуу бүгүнкү күндө көптөгөн фермерлер үчүн туруктуу бизнеске айланып бара жатат.

Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылынын тургуну, фермер Канимет Чикеев ангус породасын тандап алганын мындайча түшүндүрөт:
«Мен мал чарбачылыгы менен бир нече жылдан бери алектенип келем. Акыркы жылдары ангус породасындагы уйларды багып, эт багытындагы чарбаны өнүктүрүп жатам. Бул эт багытындагы эң мыкты породалардын бири. Алар тез салмак кошот, багууга жеңил, климатка бат көнөт. Тоюту, таза суусу жана ветеринардык көзөмөл өз убагында болсо, сөзсүз жакшы натыйжа берет. Алдыда бул породанын санын көбөйтүп, чарбамды кеңейтүү планым бар», — дейт ал .

Белгилей кетсек, ангус уйлары негизинен Россиядан алынып келинет. Бүгүнкү күндө бул порода Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында кеңири тараган. Эт багытындагы ангус уйларын багуу мал чарбасындагы натыйжалуу жана келечектүү багыттардын бири экенин практика тастыктап келет.

Бекмырза Айдар уулу "Кабар" маалымат агенттиги