Бир суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды

Коом 16 апрель 2026 09:50
Бир суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Өлкөдө сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 2, ал эми Баткен, Ош, Талас, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында бирден өрт кырсыгы катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.