Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Бир күндө өлкө аймагында 30 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош шаарында – 2;
- Ош облусунда – 3;
- Чүй облусунда – 5;
- Жалал-Абад облусунда – 9;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Талас облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 2.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 37 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду.