Бир суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 30 декабрь 2025 10:45
Бир суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 3;
  • Ош шаарында – 2;
  • Баткен облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Чүй облусунда – 3.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 14 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.