Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Документте Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүүнү уюштуруу, аралыктан добуш берүүнү колдонуу керектиги белгиленди. Ал эми министрлер кабинетине шайлоону өткөрүү үчүн финансы каражаттарын бөлүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү, шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн маалыматтарды тактоо, шайлоочуларды реалдуу убакыт режиминде (онлайн) идентификациялоо системасын өркүндөтүү зарылдыгы айтылды.

Эми саясий өнөктүктү утурлай Боршайком өз иштерин баштады. “Кабар” агенттигине БШКнын Шайлоолорду уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева аралыктан шайлоонун өзгөчөлүктөрү, "бир шайлоочу – бир добуш – бир талапкер" эрежеси, деги эле шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маек курду.

— Президенттин жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтө турган болду. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүү боюнча кандай иштерди алып барууда?
— Ооба, президенттин жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Борбордук шайлоо комиссиясы жарлык жарыялангандан тартып өз ишин алып барат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалганда “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөр үчтөн бирге кыскартылат. Шайлоо мажоритардык системада 30 округда өтө тургандыктан, ар бир округдан үчтөн депутат шайланат. Биринчи кезекте ошол округдардын чек аралары жана схемалары аныкталат. Бул мөөнөт мыйзамда жети күн деп көрсөтүлгөн. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгондо беш күндүн ичинде БШК 30 округга бөлүштүрөт. Бул расмий жарыялангандан кийин талапкерлерге жана саясий партияларга талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү башталат. Ал эми президенттин жарлыгы чыккандан тартып үч календарлык күндөн кечиктирбестен, биринчи кезекте саясий партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөрдү бериши керек, анын негизгинде алар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындашат. Кийин үч күндүк мөөнөт өтүп кеткенде шайлоого катышуу үчүн саясий партиялар сунушталбай калат. Ал эми талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү саясий партияларга да, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге да таандык. Эгерде талапкер өзүн-өзү көрсөтөм десе, округдардын схемалары жана чек аралары расмий бекитилгенден тартып, добуш берүү күнүнө 30 календарлык күндөн кечиктирбестен арыз менен кайрылат. Андан соң керектүү документтерди тапшыруу зарыл.
— Шайлоо мыйзамдарына буга чейин бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Анын ичинде шайлоо күрөөсү да бар. Бул жолку шайлоодо төлөмдүн көлөмү канча болот?
— Азыр Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгендиктен, “шайлоо күрөөсү” деген сөз “шайлоо төлөмү” болуп өзгөртүлдү. Ар бир талапкер 300 миң сомдон төлөм жүргүзүшү керек. Ал эми саясий партиялар канча талапкер көрсөтсө, ар бир талапкери үчүн 300 миң сомдон төлөйт. Ошондой эле шайлоо төлөмүнө жеңилдетүүлөр киргизилди. Бул майыптыгы бар жарандарга. Мисалы, 3-топтогуларга 70 миң сом, ал эми 1-2-топтогуларга 50 миң сом деп белгиленген. Мурда шайлоо күрөөсү катарылып берилчү, ал убакта шайлоо күрөөсү жүз миң сом болчу. Азыр шайлоо төлөмү кайтарылбайт.

— Бир округдан үч талапкер парламентке шайланат. "Бир шайлоочу – бир добуш – бир талапкер" эрежесине көп жарандар түшүнбөй жатат. Ушу тууралуу айтсаңыз
— Бир округдан үч талапкер депутат болуп шайланат. Бирок шайлоочулар добуш бергенде, бир гана талапкерге же баарына каршы деп добуш бериши керек. Ушул маалыматты жарандарга жеткирүү боюнча жана мыйзамдардагы өзгөртүүлөр тууралуу БШКнын мүчөлөрү жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул иштерди БШКнын аймактардагы атайын өкүлдөрү учурда улантып жатат. Округда эң көп добуш алган үч талапкерге депутаттык мандат бөлүштүрүлөт. Бул жерден эске салчу нерсе, 30дан кем эмес депутаттык мандат бир жыныстагы талапкерлерге берилет. Бул мандаттар аялдарга гана таандык деген сөздү билдирбейт. Анткени бир округдан үч депутатты аныктап жатканда эки мандат бир жыныстагы талапкерлерге, кийинки мандат кийинки жыныстагы талапкерге берилет. Башкача айтканда, үч эркек талапкер округда көп добуш алса, алардын экөөнө мандат берилет, үчүнчү мандат ошол округда эң көп добуш алган аял талапкерге ыйгарылат. Эгерде талапкерлер бирдей добуш алып калса, алардын арасынан кимиси каттоо үчүн толугу менен документтерди тапшырса, ошол талапкер депутат деп аныкталат.

— Мандаттар мөөнөтүнөн мурда бошогондо кимге берилет?
— Азыр округдагы талапкерлер арасында мандат бөлүштүрүлөт. Депутаттын ыйгарым укуктары кандайдыр бир себептерден мөөнөтүнөн мурда токтотулган болсо, мисалы, эркек кетсе эркекке берилет, аял кетсе, аялга берилет. Эгерде башка жыныстагы талапкерлер болбой калса, анда башка жыныстагы талапкер мандат алат.
— Талапкерлерге талаптар кандай?
— Талапкерлерге коюлуучу талаптарга да өзгөртүүлөр киргизилген. Анда шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, жогорку билими бар, мамлекеттик тилди билген, өлкө аймагында шайлоого көрсөтүлгөндөн тартып акыркы беш жылда туруктуу жашаган жаран болушу керек, ошондой эле кандайдыр себептерден улам же иш сапарлары менен бир жылдын ичинде алты айдан ашпаган мөөнөткө Кыргызстандан чыгып келүүлөргө уруксат берилген. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз: соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган, аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо, коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар, кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурларды кошпогондо депутат болуп шайланышы мүмкүн.

— Саясий өнөктүккө карата Кыргызстанда канча шайлоо тилкеси ачылат?
— Бүгүнкү күндө өлкө боюнча шайлоо тилкелеринин саны – 2492. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саны 24 995ти түзөт. Ошондой эле чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарына шарт түзүү боюнча 59 шайлоо участогу ачылат. Бүгүнкү күндө аралыктан добуш берүү каралып жаткандыктан, Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен дагы шайлоо тилкеси ачылышы мүмкүн. Ошондой эле аралыктан добуш берүү үчүн жа шайлоо тилкелери ачылмакчы. Мисалы, аэропорттордо, ири базарларда. Аралыктан добуш берүүгө ылайык, онлайн идентификация киргизилип жатат. Мисалы, жараныбыз кандайдыр бир себептер менен өзүнүн участкасына бара албай калса, ал башка шайлоо участкасына кирип, шайлаганга укугу бар. Шайлоочу идентификациядан өткөндө ал кайсы округда катталган болсо, ошол округдун бюллетени чыгарылат. Мисалы, шайлоо күнү сиз Бишкекте туруктуу жашап, Нарынга же болсобо Москва, Америкага кандайдыр бир иш сапар менен кетсеңиз, алдын ала арыз бербестен эле, шайлоо күнү жакынкы участокко барып, добуш бергенге укугуңуз бар. Бирок, бир округдун ичинен шайлоочуларга шайлоо участокторун алмаштырууга укук берилбейт. Мисалы, Свердлов районунда катталган шайлоочу, башка участокко барып добуш бере албайт. Бул укук башка облуста же башка чет өлкөдө болгондорго гана берилет. Муну менен ички жана тышкы миграцияда жүргөндөргө шайлоого катышуусуна жакшы шарт түзүлдү десек болот.