Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынында "бир саякат — бир нече өлкө" принциби боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады.
Мамлекет башчысы жалпы туристтик мейкиндикти түзүү элдердин жакындашуусу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
"Биздин өлкөлөр бири-бирин толуктаган туристтик потенциалга ээ. Тарыхый шаарлар, тоолуу жана Каспий жээгиндеги каттамдар, бай маданий мурас Борбордук Азияны жана Азербайжанды саякаттоо үчүн жагымдуу багыт катары илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет", — деп белгиледи мамлекет башчысы.