Бир ката бир өмүргө тете. Жаңы министр ишин балдар онкологиясынан баштады

Ден соолук Загрузка... 18 Декабрь 2025 14:14
photo_2025-12-_MuNX1J6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбет уулу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун алдындагы балдар онкология бөлүмүнө күтүүсүз текшерүүгө барды. Бул кадам саламаттык сактоо системасын башкарууда жаңылануулар башталып жатканын көрсөткөн алгачкы белги болду. Ошондой эле бул текшерүүнүн форматы менен мазмуну протоколдук мүнөздө эмес, көптөн бери жыйналып келген көйгөйлөрдү ачыкка чыгарууга багытталганы билинди.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, балдар онкологиясы медициналык, уюштуруучулук жана социалдык тобокелдиктер айкалышкан тармактын эң татаал жана эң аялуу багыттарынын бири болуп саналат. Башкалардан айырмаланып, бул жерде “коопсуздук запасы” дээрлик жокко эсе. Дары-дармектердин жеткирилишиндеги үзгүлтүк, анализдердин кечеңдеши же кан компоненттеринин логистикасындагы ката - дарылоонун натыйжалуулугуна жана ооруган балдардын жашап кетүү мүмкүнчүлүгүнө түздөн-түз таасир этет. Балдардагы онкологиялык жана онкогематологиялык оорулары так сакталган протоколдорду, дарылоонун үзгүлтүксүздүгүн жана диагноздун так коюлушун талап кылат. Ал эми бул болсо башкаруу чынжырынын бардык баскычтары кемчиликсиз иштеши керек дегенди билдирет.

Көйгөйдүн курчтугун арттырган дагы бир жагдай - бул жерде сөз медициналык жардам жөнүндө гана эмес, балдардын жана алардын ата-энелеринин стационарда узак мөөнөт калуусу, өзгөчө аймактардан келген үй-бүлөлөргө түшүп жаткан олуттуу психологиялык жана финансылык оорчулук жөнүндө да болуп жатат. Мындай шартта мамлекеттин жоопкерчилиги өзгөчө жогору. Анткени, жашаган жери же киреше деңгээлине карабастан, жогорку адистештирилген медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу - мамлекеттин түз милдети.

Тез, жеринде жана ортомчусуз

Каныбек Досмамбет уулу анда жеке өзү дарылоо процессинин уюштурулушу, инфраструктуранын абалы, дары-дармек менен камсыздоо системасы, лабораториялык жана көмөкчү кызматтардын иши менен таанышты. Ошондой эле өзгөчө маанилүү учур - ооруган балдардын ата-энелери менен ачык жолугушуусу болду. Анда дары-дармектердин үзгүлтүккө учурашы, жеке лабораторияларга кайрылууга мажбур болуу, кан компоненттеринин логистикасындагы көйгөйлөр сыяктуу узак убакыттан бери чечилбей келген системалык мүчүлүштүктөр талкууланды.

Бейтаптар жана алардын жакындары менен болгон байланыш аркылуу министр бөлүмдө көптөн бери топтолуп, мурдагы жетекчилер тарабынан чечилбей келген көйгөйлөрдөн кабардар болду. Досмамбет уулу ошол эле жерде бул маселелерди чечүү боюнча так жана конкреттүү тапшырмаларды берди.

Системадан тышкаркы тажрыйба - негизги фактор

Каныбек Досмамбет уулунун дайындалышы адаттан сырт чечим болду. Узак убакыттан бери алгач ирет Саламаттык сактоо министрлигин медицинадан тышкаркы адам жетектеди. Бул чечимди президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков түшүндүрүп, тармак көп жылдар бою жабык болуп, коррупциялык иштердин толгонун белгиледи. Мындай шартта ички кадрдык ротациялар натыйжа бербей келген. Ал эми жаңы министр коррупцияга каршы иш тажрыйбасы бар башкаруучу катары тандалды.

Орунбековдун айтымында, Досмамбет уулу буга чейинки мамлекеттик кызматында кыска убакыт ичинде аймактагы негизги тармактарга терең анализ жүргүзүп, бир катар олуттуу реформаларды баштаган.

“Мамлекетке мурда коррупциялык жол менен жеке колго өтүп кеткен объектилер кайтарылды, ишкерлик чөйрөсүндөгү ири коррупциялык схемалар жоюлду, бизнес расмий каттоого өткөрүлдү. Тоо-кен тармагында көзөмөл күчөтүлүп, тартип орнотулду. Инвестицияларды тартуу аркылуу социалдык объекттердин курулушуна олуттуу салым кошулду”,-деп белгилеген ал.

Ошол эле учурда Орунбеков саламаттык сактоо системасындагы өзгөрүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары жакынкы аралыкта эле байкала баштай турганын билдирген. Анын сөздөрүн тастыктагандай, жаңы министр ишин тармактагы эң оор жана эң сезимтал багыт - балдар онкологиясынан баштады.

Балдар онкологиясы саламаттык сактоо системасындагы эң алсыз багыттардын бири болуп саналат. Себеби, бул жерде башкаруудагы ар бир кемчилик баланын өмүрүнө жана анын айыгып кетүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Онкологиялык ооруларды дарылоо үзгүлтүксүз дары-дармек менен камсыздоону, так диагноз коюуну жана үзгүлтүксүз логистиканы талап кылат. Бул тармакта кечиктирүүгө жана формалдуу чечимдерге орун жок. Ошондуктан өлкө жетекчилигинин жана жаңы министрдин онкологиялык оорулуу балдардын көйгөйүнө көңүл буруусу өзгөчө мааниге ээ. Бул тармактын биринчи орунга коюлушу реформалар мамлекеттин эң чоң жоопкерчилиги экенин, ал эми каталар адам өмүрү менен өлчөнгөн жерден башталып жатканын көрсөтөт.

Көйгөйдү аныктоодон - так чечимдерге

Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна болгон сапар учурунда ооруган балдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туудура турган жагдайлар белгиленди. Министрдин реакциясы кан компоненттерин жеткирүү үчүн атайын транспорт бөлүү, лабораториялык кызматты күчөтүү, анализдерди мекеменин ичинде жеткиликтүү кылууга багытталып, бул багытта тапшырмалар берилди.

Дары-дармектерди сатып алуу маселеси өзүнчө көңүл борборунда болду. Досмамбет уулу, айрыкча балдар үчүн зарыл болгон өмүрдү сактап калуучу препараттар боюнча, ачык эмес жана натыйжасыз механизмдерге жол берилбестигин баса белгиледи.

Ошондой эле ал Дары каражаттары департаментинин жана “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн комплекстүү талдоо үчүн атайын комиссия түзүүнү тапшырды. Бул чечим көйгөйлөрдү чекиттүү түрдө эмес, системалуу түрдө чечүүгө болгон ниетти көрсөтөт.

Балдар онкологиясына комплекстүү мамиле

Жаңы министрдин балдар онкологиясын катардагы медициналык маселе гана катары карабаганы бул жерде өзгөчө маанилүү. Ата-энелердин шарттары, тамак-ашын уюштуруу, тиричилик инфраструктурасы, дарыканаларга жеткиликтүүлүк да көңүл борборунда болду. Бул социалдык факторлорду дарылоо процессинин ажырагыс бөлүгү катары караган комплекстүү реформалардын логикасына шайкеш келет.

Ошондой эле аймактардан келген ата-энелер үчүн адистештирилген жатак жай куруу долбоорун иштеп чыгуу маселеси да көтөрүлдү. Бул чечим узак мөөнөттүү натыйжага багытталганын жана үй-бүлөлөргө түшкөн социалдык жүктү азайтууну көздөйт.

Маселенин масштабына түшүнүк берүү үчүн: онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдар стационардык шартта айлап, кээде жылдап созулган оор дарылоодон өтүшөт. Бишкектен алыс жашаган үй-бүлөлөр үчүн дарылоонун этаптары ортосунда аймактарга кайтуу көп учурда максатка ылайык эмес жана кооптуу. Мындай балдар дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек. Анткени, абалы начарлап кеткен учурда дароо ооруканага жаткыруу жана шашылыш жардам көрсөтүү зарыл.

Кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө

Иш сапардын жыйынтыгында Досмамбет уулу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жетекчилигине жана Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү түзүмдөрүнө төмөнкү тапшырмаларды берди:

  • лабораториялык кызматтын ишин жакшыртуу жана зарыл анализдердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • Дары каражаттар департаментинин жана “Кыргызфармация” МИнин ишин комплекстүү баалоо үчүн атайын комиссия түзүү;
  • кан компоненттеринин логистикасын өркүндөтүү;
  • кан компоненттерин жана медициналык муктаждыктарды ташуу үчүн атайын автоунаа бөлүү;
  • дары каражаттарынын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана сатып алууларды оптималдаштыруу;
  • балдардын ата-энелеринин тамак-аш маселесин чечүү жана керектүү тиричилик шарттарын түзүү;
  • балдар үчүн үстөлдөрдү сатып алуу;
  • оорукана аймагында дарыкана пунктун уюштуруу;
  • дарыгерлердин дисциплиналар аралык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана консилиумдарды үзгүлтүксүз өткөрүү;
  • аймактардан келген онкологиялык оорулуу балдардын ата-энелери үчүн убактылуу жашай турган адистештирилген жатак жай куруу долбоорун иштеп чыгуу.

Жыйынтык

Каныбек Досмамбет уулунун алгачкы кадамдары анын дайындалышы эксперимент эмес, коррупцияга каршы тажрыйбасы бар башкаруучуга жасалган аң-сезимдүү жана максаттуу чечим экенин көрсөтүп турат. УКМКдагы иш тажрыйбасы, көйгөйлөрдү ыкчам аныктап, дароо чечимдерге өтө билген жөндөмү ага эң татаал жана сезимтал тармактардын бирин ишенип тапшыруунун себебин түшүндүрөт. Эгер ал ишин ушундай калыпта улантса, саламаттык сактоо системасында көптөн бери күтүлгөн өзгөрүүлөрдү баштаган министр катары тарыхта калышы мүмкүн.