Бишкек, 23.02.26 /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Клиникалык оорукананын Мамлекеттик акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмү 1992-жылы негизделген. Анда бүгүнкү күндө 90 орун бар. Учурда ал өлкөнүн бардык аймактарынан бейтаптарды кабыл алып келет.
Аталган бөлүмдүн башчысы, дарыгер-терапевт Райкан Акматованын айтуусу боюнча, бөлүм өз ишин бир кабинет жана андагы бир терапевт менен баштаган.
“Биздин бөлүм 1992-жылы өлкөнүн ардактуу дарыгери Асан Жайлообаевдин демилгеси менен ачылган. Башында бир гана кабинет болсо, азыр ал терапия, кардиология, неврология жана жалпы багыттар боюнча иш алып барат. Жылдан-жылга бөлүмгө кайрылган бейтаптардын саны өсүүдө. Ошондой эле ал акыркы үлгүдөгү жабдуулар жана техникалар менен камсыздалган. Ошондой эле жеке консультанттары да бар” , -деди ал.
Акматова ошондой эле бүгүн оорукана 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата дарыгер мырзаларды куттуктап жатканына да токтоло кетти.
“Бул майрамды жылда бирден бөлүм кезектешип өткөрөт. Быйыл кезек биздин бөлүмдө болду. Симфониялык оркестрди чакырып, жандуу концерт тартуулоо менен мырзалардын көңүлүн көтөрүүгө аракет жасадык. Мырзалардын арасында биздин кадырман ардагер дарыгерибиз Асан Жайлообаев да катышып жатат. Ал ооруканада 19 жыл башкы дарыгер болуп эмгектенген. Биздин бөлүмдү негиздеген. Азыр деле татаал диагноздор боюнча аны чакырып, консультация алып турабыз. 93 жашка чыкса да акылы тунук, өз ишин мыкты билет жана бизге кеңеш берип турат”, - деп кошумчалады Акматова.