4-августта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болуу менен активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн. Бул акция улуттук кан банкын толуктоо жана донорлордун жардамына муктаж бейтаптар үчүн зарыл корду камсыз кылуу максатын көздөйт.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, он күндүн ичинде 1014 адам кан донору болууга жетишти. Натыйжада 261 литр эритроцитардык масса жана 311 литр плазма даярдалды. "Кабар" маалымат агенттиги саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев менен жарандардын кан тапшыруусунун маанилүүлүгү тууралуу маектешти.
— Эркин Маратович, учурда Кыргызстанда кан тапшыруу боюнча кеңири масштабдагы акция уланууда. Анын максаттары жана алгачкы жыйынтыктары кандай?
— Бул өнөктүк министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин демилгеси менен башталган. Негизги максаты — улуттук кан банкындагы корлорду толуктоо жана өмүрү түздөн-түз донордук жардамга көз каранды болгон бейтаптарды зарыл компоненттер менен камсыз кылуу. 4-августтан тартып бизде миңден ашуун адам — 1014 донор кан тапшырды, алар жалпы 261 литр эритроцитардык масса жана 311 литр плазма беришти. Бул кан тамчысынын ар бир миллилитри оор операцияда, кырсыктан кийин же кооптуу ооруга кабылган адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.
— Акыркы күндөрү кимдер донор болуп жатат?
— Акцияга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, медицина кызматкерлери, ички иштер органдарынын кызматкерлери, облустук администрациялардын өкүлдөрү, ошондой эле жүздөгөн кайдыгер эмес жарандар активдүү катышууда. Айрыкча дарыгерлерге жана медайымдарга ыраазычылык билдирем, алар күн сайын бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп, ошол эле учурда өздөрү да кан тапшырууга келип жатат.

— Өлкөдө кан менен камсыз кылуу боюнча абал кандай?
— Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, саламаттык сактоо системасынын туруктуу иштеши үчүн жылына 1000 кишиге кеминде 40 донор болушу керек. Кыргызстанда бул көрсөткүч учурда 1000 кишиге болжол менен 6 донор туура келет, бул эл аралык нормадан алты эседен ашык төмөн. Калкыбыз 7 миллиондун тегерегинде болгондуктан, жылына кеминде 280 миң донор талап кылынат, бирок 2024-жылы болгону 45 261 киши кан тапшырган, бул зарыл сандын 16 пайызы гана. Өткөн жылы 14 999 литр эритроцитардык масса жана 12 185 литр плазма даярдалган. Ошол эле учурда канга жана анын компоненттерине болгон муктаждык урбанизация, жол кырсыктарынын көбөйүшү, онкологиялык жана онкогематологиялык оорулардын өсүшү, көп сандагы операциялар, төрөттөн кийинки жардамга жана диализдеги бейтаптардын муктаждыгына байланыштуу жыл сайын өсүүдө. Дефицитти жоюу үчүн өлкөдө акысыз ыктыярдуу донорлукту өнүктүрүү, маалыматтык ишти жалпыга маалымадоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу күчөтүү, кан даярдоо боюнча көчмө бригадалардын ишин кеңейтүү, донорлордун коомдук бирикмелерин түзүү жана жарандарды кан тапшырып турууга шыктандырууну социалдык, медициналык жеңилдиктер аркылуу жогорулатуу пландалууда.

— Эмне үчүн ыктыярдуу донорлук ушунчалык маанилүү?
— Ыктыярдуу донорлор — бул кандын ишенимдүү, туруктуу булагы. Учурда донорлордун басымдуу бөлүгү — бейтаптардын жакындары, башкача айтканда, “тууган донорлор”. Алардын үлүшү болжол менен 80–85%. Бизге бул көрүнүш тескерисинче — 80% ыктыярдуу донорлор, 20% тууган донорлордун болгону керек. Бул жалпы саламаттык сактоо системасын бир кыйла бекемдеп, көптөгөн өмүрдү сактап калмак.
— Донор болуу үчүн кандай талаптар бар?
— Донор болууга 18 жаштан 60 жашка чейинки, салмагы 50 килограммдан кем эмес ар бир дени сак жаран укуктуу. Медициналык каршы көрсөтмөлөр да бар. Аларга гепатиттин түрү, ВИЧ, сифилис, бруцеллёз, кургак учук, оор жүрөк-кан тамыр оорулары, онкология жана башкалар кирет. Кан тапшыруудан 2 күн мурун спирт ичимдиктерин, майлуу жана куурулган тамактарды, сүт азыктарын колдонбоо керек. Кан тапшыруу күнү эртең менен жеңил тамактануу керек, мисалы, токоч, печенье, чай же компот ичкен оң.
— Донорлуктун өзү донорго кандай пайда берет?
— Бул бир гана кайрымдуулук иш эмес, ден соолукка да пайдалуу. Анткени кан клеткалары жаңыланат, иммунитет бекемделет, организм кан жоготкондо тезирээк калыбына келүүгө көнүгөт. Эң негизгиси бир донор үч адамдын өмүрүн сактап кала алат.
— Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жарандарга кайрылып кетсеңиз болот...
— Ар бир мекендешиме кайрылат элем, качан гана донорлук кан жакындарыңызга керек болгон учурду күтпөңүз. Бүгүндөн баштап донор болуңуз. Ар бирибиз кимдир бирөөгө өмүр тартуулай алабыз. Жакынкы кан тапшыруу пунктуна барып, өмүр сактоого багытталган акциянын катышуучусу болуңуз. Дагы бир ирет айта кетейин, бир донор үч адамдын өмүрүн сактап кала алат.