Бир дем алышта 50 адам жабыркады. Жылгаяк тебүүдөгү коркунучтар

Коом Загрузка... 27 Январь 2026 10:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Ылдамдык, жагымдуу маанай менен коштолгон муз тебүү адамга жагымдуу эмоцияларды тартуулап, зыянсыз кышкы көңүл ачуудай сезилет. Бирок, бир нече мүнөттүк көңүл ачуу учурунда катталган кырсыктардан кийин ооруканалардын кабыл алуу бөлүмдөрүндө сааттап кезек күтүүлөр көбөйүүдө. Өткөн дем алыш күндөрү эле Бишкектеги Улуттук госпиталга түрдүү жаракаттар менен 50гө жакын адам кайрылган. Дарыгерлер үйлөмө баллондор менен муз тебүү тоо боорун кооптуу аймакка айлантып, мында бир эле катачылык оор жаракаттарга, ал тургай өмүргө коркунуч алып келиши мүмкүн экендигин эскертишет.

Өткөн дем алыш күндөрү жылгаяк тебүүдөн жабыркагандарды Улуттук госпиталь кабыл алды. Медициналык мекеменин башкы дарыгери Бакыт Төлөгөновдун айтымында, 24-25-январь күндөрү ооруканага 49 адам кайрылган. Алардын ичинен 19у ооруканага жаткырылса, 30у амбулатордук дарыланууда.

Ошол эле учурда, Тез жардам клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илим Манаповдун айтымында, 2026-жылдын январь айында жаракат алган 161 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 25 бейтап ооруканага жаткырылып, 136сы амбулатордук дарылануудан өтүшкөн.

“Жаракат алгандар күн сайын келип түшүүдө. Алсак, 26-январда ооруканага беш адам кайрылган. Бир бейтап лыжа тебүү учурунда бутун сындырып алгандыктан, ооруканага жаткырылды. Калгандары жеңил жаракат алышкандыктан, жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү”, - деп билдирди адис.

Тюбинг – кышкы эң кооптуу көңүл ачуу жолу болуп саналат

Илим Манаповдун айтымында, кышкы активдүүлүктүн ичинен дал ушул тюбинг абдан чоң коркунуч жаратат.

“Адамдар атайын бөлүнгөн жерлерде эмес, кооптуу жерлерде - жолдордун, чуңкурлардын, дөбөлөрдүн жана калың кардын жанында тээп жатышат. Тюбингди башкаруу такыр мүмкүн эмес”, - деп белгилейт дарыгер.

Үйлөмө баллондордун негизги көйгөйү - аларда башкаруу жана токтотуу түзүмүнүн таптакыр жоктугунда. Адам ылдамдыкты көзөмөлдөй албайт, багытын өзгөртүүгө же керектүү убакта токтоотууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошол эле учурда тюбинг өтө тез күүлөнөт, ал эми ар кандай кагылышуулар күтүүсүз абалда жана жогорку ылдамдыкта болот.

Мээнин чайкалышынан баш сөөктүн сынышына чейин: кандай жаракаттар көп кездешет

Тюбингди башкарууга мүмкүн болбогондуктан, бейтаптар көбүнчө оор же бир нече органдар жабыркаган ар түрдүү жаракаттарды алышууда.

Манаповдун айтымында, бейтаптарда төмөнкүдөй жаракаттар көп катталууда:

  • баштын жаракаттары жана мээнин жабыркашы;
  • кол-буттун сынышы;
  • омуртканын жабыркашы;
  • гематомалар жана кан куюлуулар;
  • өтө оор учурларда – баш сөөгүнүн сынышы.

“Адам өзүн башкарууга мүмкүн болбогон абалда кулап, денесин карманууга үлгүрбөйт. Натыйжада сокку дененин эң аялуу жерлерин жабыркатат”, - деп түшүндүрдү Манапов.

Биринчи жардам. Тоо боорунда жаракат алганда алгач эмне кылуу керек

Эгерде муз тебүү учурунда адам жаракат алса, анын абалын начарлатып жибербөө маанилүү. Дарыгер белгилегендей, оор жаракаттарда адам эс-учун жоготуп коюшу мүмкүн. Мындай учурда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

  • дем алуу ыңгайлуу болушу үчүн жабыркаган адамды кырынан жаткыруу керек;
  • абанын келишин камсыз кылып, адамды сууктан коргоп, жылуулоо зарыл;
  • катуу ооруткан абалда колдо бар каражаттар менен жабыркаган колду же бутту кыймылдабагандай кылып таңуу керек;
  • эгерде моюн же омуртка жаракатынан шектенсеңиз, адамды такыр ордунан козгобоо шарт.

Жабыркаган адамды ооруканага өз алдынча алып барууга катуу тыюу салынат.

“Жабыркаган адамды ооруканага же башка жайга туура эмес жеткирүү учурунда сөөктөрдүн кайрадан жылышып кетүүсү, кан тамырлардын же нервдердин жабыркашы мүмкүн. Эгерде жаныңызда дарыгер жок болсо, ар дайым тез жардамга чалып, адистерден кеңеш алсаңыз болот. Жабыркаган адамды медицина кызматкерлери же ӨКМ кызматкерлери гана бир жерден экинчи жерге алып барышы керек”, - деп баса белгилейт Манапов.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда тез жардам чакыруу же 112 номери аркылуу куткаруучуларга кайрылуу зарыл.

Балдардын жылгаяк тебүүсү эмне үчүн кооптуу?

Чоңдордун көзөмөлүсүз балдардын жана өспүрүмдөрдүн муз тебүүсү дарыгерлер арасында өзгөчө кооптонууну жаратат. Балдар көбүнчө тоонун тик жана тайгак эңкейиштеринде муз тебүүнү жактырышып, тобокелдикти дайыма эле аңдап биле беришпейт. Ошол эле учурда алардын таяныч-кыймыл аппараты жаңы калыптанып жаткандыктан, жаракаттардын кесепети оор болушу мүмкүн.

Тюбингден кайсы учурда баш тарткан оң

Адистер төмөнкү учурларда муз тебүүдөн баш тартууну сунушташат:

  • жылгаяк трассасында эңкейиш жери жакшы көрүнбөсө;
  • жер тайгак болсо;
  • адамдар көп болгон учурда;
  • жылгаяк тебүүчү трасса дарактарга, мамыларга же тепкичтерге жакын болсо.

Дарыгерлердин негизги кеңеши

Медиктер кышкы активдүү эс алууну колдошкону менен расмий жана уюшулган спорттун түрлөрүн тандоого чакырышат.

“Биз кышкы активдүү эс алууну колдойбуз, кар жааган мезгилде шаар сырткары таза абага чыгуу чындыгында пайдалуу. Бирок, мындай эс алууну алдын ала пландаштыруу зарыл. Тюбингге жана үйлөмө баллондорго карата дарыгерлер терс көз караштабыз.

Кышкы спорттун лыжа, сноуборд, коньки жана башка расмий түрлөрү бар жана алар инструкторлордун көзөмөлүндө тебилет. Алар тебүүнүн эрежелерин үйрөтүп, кантип туура кулоо жана тоо боорунда өзүн кандай алып жүрүү керек экенин түшүндүрүшөт. Баллон, желим баштык же башка колго тийген каражаттар менен өз алдынча жылгаяк тебүүгө жол берилбейт жана бул өтө кооптуу. Себеби, мындай көңүл ачуудан кийин адам майып болуп калышы да мүмкүн. Ошондуктан эс алуу жайын алдын ала тандап, расмий спорт түрлөрүнө артыкчылык берүү маанилүү”, - деп сөзүн жыйынтыктады Илим Манапов.