Бир аптада бир нече камоолор: Кыргызстанда коррупция менен күрөш уланууда

Коом Загрузка... 13 Март 2026 17:10
7K7A7309-Enhanced-N.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөш аеосуз улана турганын билдирди. Өлкө башчысы парламентте жаңы министрлердин ант берүү аземинен кийин сөз сүйлөп, жогорку кызматтар үчүн коррупцияга аралашпаган адистерди табуу айрым учурларда кыйынчылык жаратып жатканын белгиледи. Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына сунушталган 10 талапкердин тогузу коррупционер болуп чыкканын айтып, жооптуу кызматтар үчүн кадр маселесин көтөрдү.

Коррупция менен күрөш акыркы беш жылда кайрадан жаңырганын билебиз. Бул убакыт аралыгында:

  • Уурдалган каражат жана мамлекеттик байлыктарды казынага кайтарылууда.
  • Адамдык факторду азайтуу жана коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдарда “Түндүк”, “Салык күзөт” сымал санарип системалар түзүлдү.
  • 2025-2030-жылдарга чейинки мамлекеттик стратегияда коррупцияга каршы аракеттер жана ачык-айкындыкты камсыздоого багытталган чаралар киргизилди.
  • 2024-жылы коррупцияга жазаны күчөткөн жаңы мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, айыбы далилденген мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз камалат жана мамлекеттик кызматта иштөө укугунан өмүр бою ажыратылат. Алардын мамлекеттик кызматтардагы туугандары иштен бошотулат.

2021-жылдан бери жүргүзүлгөн коррупцияга каршы иш-чаралардын жыйынтыгы менен 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) казынага кайтарылганы маалымдалган. Анын ичинде финансылык активдер, кыймылсыз мүлктөр, жер тилкелер бар. Бир эле саламаттык сактоо тармагындагы коррупциядан казынага 292 млн сом кайтарылса, ал эми билим берүү тармагынан 207 млн сом кайтарылган.

Укук коргоо органдары тарабынан коррупцияга шектелип кармалгандардын арасында жогорку кызматтагылар да бар экени маалым. Ушул жумада эле Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кан борборунун мурунку жетекчисинин катышуусундагы коррупциялык схеманын кесепетинен 36 млн сом зыян келтирилгени белгилүү болду. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири жана дайындалганына аз эле убакыт болгон өзгөчө кырдаалдар министри коррупцияга шектелип кармалышты.

Ал эми президент Садыр Жапаров ӨКМ башчылыгына сунушталган он талапкердин тогузу паракор болуп чыкканын ачык айтып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды:

“Кылмышкер бир адамды өлтүрсө, коррупционер бүтүндөй мамлекетти талкалайт. Коррупция менен күрөшүүгө жардам бериңиздер. Бийликтегилер тарабынан уурулук, коррупция болгонун көрүп-билип турсаңыздар, трибунадан айтып тургула. Бул сиздердин мага көрсөткөн жардамыңыздар болот. Эч кимден коркпоңуздар. Сиздерге гана болушам, сиздер тарапта болуп, коргойм", — деди өлкө башчысы.

Садыр Жапаров бул ирет коррупция менен күрөш укук коргоо органдарынын эле эмес жалпы бийлик бутактарынын да милдети экенин белгиледи. Президент мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупция туурасында сөз кылуу менен таза жана кесипкөй кадрлар маселесин көтөрдү десе болот. “Акылман” мектебинин мисалында, анын бүтүрүүчүлөрүнөн келечекте жогорку квалификациялуу, билимдүү менеджерлер чыгарын белгилеп, 15-20 жылдан кийин кадр тандоодо маселе болбойт деген ишенимин билдирди.

"Мамлекет азыр миллиарддаган сом жумшап, аларды өлкөнүн келечеги катары даярдап жатат. Келечекте алар жогорку квалификациялуу кадрлар болуп чыгышат. Мындан ары "бул кадр кайдан келди?" деген түшүнүктөр болбойт. Бул адистер билимдүү менеджерлер болушат. 30 жылдан бери бул маселе менен эч ким алектенген эмес. Биз болгону түндүк-түштүк деп эле бөлүнүп келдик. Менимче, 15–20 жылдан кийин бул түшүнүк таптакыр жок болот", — деп баса белгиледи Жапаров.

Коомдук ишмер Бакыт Бакетаев мамлекеттик кызматтагылар “коррупцияга аралашканым билинбей калат” деген түшүнүктөн арылууга убакыт келгенин айтат.

Анын айтымында, буга чейинки бийлик учурунда жооптуу кызматка дайындала турган кадрлардын коррупциялык иштерге байланышы текшерилчү эмес.

“Президент Жапаров жаңы шайланганда эле коррупцияга аралашкандарды аябай турганын билдирген. Жакында эле Жогорку Кеңеште дагы кайталады. Бирок айрымдар “айта берет” деп, коррупцияга кайра малынып жатышат. Президент жумшак айтканы менен, катуу жазалайт. Ошондуктан мамлекеттик кызматтагылар коррупциялык иштерге аралашпоосу керек. Коррупциялык схемалар бар, бирок ошолорду жоюуга аракет кылуу зарыл", - деп билдирди Бакыт Бакетаев.