Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Пластик идиштерди туура колдонуп, өз убагында алмаштырып турса, алар ден соолук үчүн дайыма эле кооптуу боло бербейт. Бул тууралуу биолог Екатерина Баранова билдиргенин Lenta.ru басылмасы жазды.
Адис белгилегендей, бардык пластик идиштер зыяндуу деген кеңири тараган түшүнүк чындыкка дал келбейт.
Анын айтымында, мындай буюмдарды үзгүлтүксүз - болжол менен жылына бир жолу алмаштырып туруу шарты менен коопсуз колдонууга болот. Болбосо, пластик микробөлүкчөлөрдү бөлүп чыгара баштайт, ал эми алар тамак-аш менен бирге организмге кирип кетиши мүмкүн.
Буга чейин Баранова муздаткычта сактоого сунушталбаган азыктар тууралуу да айтып берген. Алардын арасында помидор менен картошка бар.