Билл Гейтс байлыгын кайда корото турганын айтты

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2025 10:05
1979533100_0_42_307_y7mZ4of.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Майкрософттун негиздөөчүсү Билл Гейтстин байлыгынын эң чоң бөлүгү Африкага кетет. Бул тууралуу ал 2-июнда Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадагы Африка биримдигинин штаб-квартирасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү News 24. жаңылыктар порталы жазып чыкты.

"Мен буга чейин чогулткан байлыгым алдыдагы 20 жылда которулат деп убада бергем. Бул каражаттын негизги бөлүгү Африкадагы көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат", - деген.

Ал кошумчалагандай, акча Билл жана Мелинда Гейтс фонду аркылуу которулат.

Жазында Гейтс 2045-жылга чейин бул фонд 200 миллиард долларды ар кандай долбоорлорду каржылоого багыттай турганын жарыялаган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Гейтс планетадагы эң бай адамдардын тизмесинде бешинчи орунда турат. Анын жеке байлыгы 175 миллиард долларга жетет.