Билимдин жеңиши: Кыргызстандык окуучу АКШнын абройлуу окуу жайына кабыл алынды

Министрлер кабинети 07 Апрель 2026 13:22
69d4a348e4b2e (2).jpg
69d4a34987eac (1).jpg
69d4a3495c637.jpg
69d4a3493cf2c.jpg
69d4a3493ba31.jpg
69d4a34917403.jpg
69d4a3490cc9e.jpg
Алдыга
Артка
69d4a348e4b2e (2).jpg
69d4a34987eac (1).jpg
69d4a3495c637.jpg
69d4a3493cf2c.jpg
69d4a3493ba31.jpg
69d4a34917403.jpg
69d4a3490cc9e.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарындагы Стэнфорд университетинде бакалавриат программасы боюнча толук гранттык окууга ээ болгон Амиртай Бексултанов менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин башчысы Амиртай Бексултановду дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бирине ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктап, бул жетишкендик даярдыктын, максатка жана билимге болгон умтулуунун жогорку деңгээлинин ачык далили экенин баса белгиледи. Ал жаштардын мындай ийгиликтери өсүп келе жаткан муун үчүн шыктандыруучу мисал болорун белгиледи.

"Бул Амиртайдын ата-энеси үчүн гана эмес, өлкө үчүн да сыймык. Мындай мисалдар окуучуларыбызды билимге умтулууга жана максаттарына жетүүгө шыктандырат деп эсептейм. Амиртайга чоң ийгиликтерди каалайбыз", - деди ал.

Маектешүүнүн жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы жаштардын интеллектуалдык потенциалын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев окуусуна мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалап, ага эстеликке белек тапшырды.