Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Билимдүү жаштар Кыргызстандын жаркын келечеги. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстандын жигердүү, жоопкерчиликтүү, билимге умтулуу менен натыйжа чыгара ала турган жаш муундун жаркын жүзү, өлкө келечегинин кам көрүүчүсү катары көрүлөт.
Ааламдашуу айдыңы терең билимди гана эмес, жаңы технологияларды тез өздөштүрүүнү, креативдүү, заман агымы менен тең жарыша ой жүгүртө билүүнү талап кылууда. Азыр алдыга умтулуу, жаңы табылгаларды үйрөнүү, илимий ачылыштарды жасоо, алардын негизинде жаңы идеяларды ишке ашыруу эң маанилүү артыкчылыкка айланды.
“Мындай учурда силер, жаштар бардык тармактардагы заманбап өзгөрүүлөрдүн борборунда болушуңар зарыл. Азыркы тапта жаңы технологияларды, жасалма интеллектти пайдалануу менен IT–стартаптарды демилгелөө, ар кайсы тармакта иштиктүү долбоорлорду: агрардык чөйрөдө, экологияда инновацияларды түзүү, медицинада нанотехнология, биотехнология жана ген терапиясы менен оорулардын алдын алуу, экономикада жаңы экономикалык моделдерди, бизнес-стартаптарды сунуштоо, инженерияда акылдуу системаларды куруу, билим берүүдө жаңы ыкмалар менен окутууну жакшыртууга заманбап сунуштарды даярдоо, көркөм өнөр жана маданиятта дижиталдык искусство, мультимедиа менен улуттук мурасты айкалыштырып жайылтуу, экотуризм аркылуу өлкөнү дүйнөгө таанытуу, коргоо жана коопсуздукта киберчабуулдарга каршы системаларды ойлоп табуу жана башка маселелер курч турат. Силер ушул сыяктуу тармактардын баарында жаңы инновацияларды өздөштүрүү менен өлкөбүздү алдыга жылдырасыңар!
Бүтүндөй мамлекет, жалпы эл-журт силердей жаштарга үмүт артып турат: татыктуу билим алгыла, жаңылык жараткыла, жаратман иштерге аралашкыла, ата-бабалардан калган нарк-насил менен сыймыктанган Кыргызстандын заманбап кыргыз жарандарынан болгула! “Көздүү мончок жерде калбайт” дегендей, мындай ар тараптуу, билимдүү, нарктуу жаштар – биздин эң чоң байлыгыбыз, Кыргызстандын жаркын келечеги”, - деди президент.