Өлкөнүн агартуу тармагы бүгүнкү күндө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берүү максатында чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Билим берүү системасын трансформациялоонун негизинде билим берүү жаатында бир катар жаңычыл реформалар жүргүзүлүп, анын алкагында ар кандай долбоорлор ишке ашырылууда.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Акыркы отуз жылда биздин билим берүү системабыздын мазмуну менен стандарттары артта калды. 11 жыл кыргыз тилин окутканыбыз менен, көпчүлүк жаштар кыргызча жакшы сүйлөй албайт. Математиканы үйрөткөнүбүз менен, аны толук түшүнгөндөр аз. Азыр мазмунду жана стандарттарды кайрадан иштеп чыгуу зарыл”, - деп “Педкеңеш” подкастында белгилеген.
23-майда өткөн педагогикалык форумда Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева мектеп программасы мындан ары практикага багытталарын, окуучулар кесиптик багыттарын тандап, келечекке даярдана алышарын белгилеген.
Анын айтымында, реформа инклюзивдүүлүк, жыныстык теңдик жана маданий ар түрдүүлүктү урматтоону колдойт. Жаңы билим берүү стандарты тарбиялык багытты да бекемдеп, өзүнө ишенген, чыгармачыл, жоопкерчиликтүү жана дүйнөгө ачык инсанды тарбиялоого багытталган.
“38 предметтик стандарт жаңыртылып, сабактардын мазмуну заманбап жана жашоого жакын болот. Мугалимдер үчүн жаңы усулдук материалдар даярдалууда. Айрыкча математика жана табигый илимдерге басым жасалууда. Бул жердеги негизги максат - балдарга жөн гана билим берүү эмес аларды жашоого даярдоо”, — деген Дүйшеева.
Алдыда мугалимдерди даярдыктан өткөрүү, инфратүзүмдү, окуу китептерин басып чыгаруу жана 1-2-класстардын окуучуларын каттоодон толук өткөрүп бүтүү иштери турат.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, транформациялоонун алкагында нормативдик документтер кабыл алынып, мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилип, предметтик стандарттар иштелип чыкты.
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору – Алмазбек Токтомамбетовдун айтуусу боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыкты.

“Анын биринчи негизги өзгөчөлүгү - мурун билим берүүгө көбүрөөк басым жасалган болсо, азыр баалуулуктарга, тарбияга басым жасалып жатканы болду. Себеби, адам канчалык билимдүү болгону менен келечекте коррупционер, кылмышкер болуп кетиши мүмкүн экен. Тескерисинче көкүрөгү баалуулуктарга толгон, мүнөзү калыптанган бала келечекте өзү эле билимге умтулары чын. Экинчи өзгөчөлүгү алып жаткан билимдин турмуш менен байланыштуу болуусу. Ал эми үчүнчү өзгөчөлүгү катары - “инсандык-эмоциялык” деген жаңы компетенция киргизилди. Бул жерде баланы инсан катары кароого жана анын эмоциясына көңүл бөлүүгө басым жасалат. Бул абдан маанилүү. Буга чейин бул маселе көтөрүлгөнү менен мамлекеттик стандартка киргизилген эмес эле”, - деди ал.
Токтомамбетовдун айтымында ошондой эле, предметтик стандарттар даярдалып бүттү. “Кэмбридж системасынын негизиндеги Сингапурдан алынган математика, табият таануу (химия, физика, биология предметтери бириктирилген) китептери алынып, которулуп, адаптацияланган. Басылуу алдында турат.
Ошондой эле август айында математика, табият таануу, англис тили мугалимдерин окутуп баштайбыз. Мугалимдер жогоруда аталган китептердин негизинде окутулат. 4 күндүк тренингдер өтүлөт. Алгач тренерлер окутулуп, алар кайра аймактардагы мугалимдерди окутушат. 1-2чи каникулдарда да онлайн окутуулар жүргүзүлөт”, - деп белгиледи ал.