Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде илимий потенциалды өнүктүрүү жана илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине арналган жыйын өткөрдү.
Жолугушууда илимди өнүктүрүү, ошондой эле жогорку билим берүүнү, кадрларды даярдоону жакшыртуу, инновациялык жана санариптик чечимдерди ишке киргизүү маселелери талкууланды.
"Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн илимдин экономикадагы ролун күчөтүү, илимий уюмдар менен бизнестин өз ара байланышын кеңейтүү, жаш адистерди илимий чөйрөгө тартуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Илим өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, экономика жана коом үчүн конкреттүү натыйжаларды бериши керек", - деди Улан Маматканов.
Жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилди:
- илимий тармакты реформалоо, анын ичинде илимий уюмдардын тармагын оптимизациялоо, алардын жогорку окуу жайлар менен өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү, илимий изилдөөлөрдү экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн приоритеттүү прикладдык милдеттерин чечүүгө багыттоо;
- студенттик жатаканаларды куруу жана студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын президенти тарабынан коюлган милдеттерди талаптагыдай жана өз убагында аткарууну, анын ичинде зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды даярдоону жана белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылуу;
- экономиканы өнүктүрүүнүн керектөөлөрүн жана болжолдоолорун эске алуу менен артыкчылыктуу багыттар боюнча (анын ичинде жасалма интеллект, санариптик технологиялар, инженердик адистиктер) кадрларды системалуу даярдоону караган жогорку билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу;
- окуу үчүн төлөмдүн көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүү, билим берүү кредитинин механизми жана студенттерди социалдык колдоонун кеңейтилген чаралары боюнча тиешелүү финансылык институттар менен макулдашылган сунуштарды киргизүү.