Билим берүүдөгү жаңы доор: 12 жылдык окуу жана санариптик бурулуш

Билим Загрузка... 25 Май 2026 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү системасы акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Айрыкча 12 жылдык билим берүүгө өтүү – бул жөн гана структуралык реформа эмес, өлкөнүн келечектеги адам капиталын калыптандырууга багытталган стратегиялык кадамы болуп саналат. Өлкөдөгү билим берүү тармагындагы реформанын негизги артыкчылыктары тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева үстүбүздөгү жылдын 20-майында өткөн “Доор өзгөрткөн билим” ата-энелер форумунда кенен маалымат берди.

Кыргызстан билим берүү системасын жаңылоонун алкагында 12 жылдык окуу моделине өтүүнү баштады. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө окутуунун жаңы моделине өтүүдөгү эң чоң ийгилик билим берүү процессине санариптик технологиялардын кириши.

"Бүгүн биздин эң чоң ийгилигибиз билим берүүгө болуп көрбөгөндөй санариптик технологиялардын кириши. Биринчиден, балдарды мектепке кабыл алууда коррупциядан арылуу максатын көздөдүк. Бала кайсы жерде жашаса, дал ошол жердеги мектепке барышы керек. Анткени азыр гимназия, лицей деген түшүнүктөр жок. Бала бакчага баланы кабыл алуу да "Түндүк" системасына бекитилди. Окуучунун академиялык жетишкендиктерин жана ден соолугун көзөмөлдөө максатында АИС "Күндөлүк" бирдиктүү санарип профили түзүлгөн. Андан тышкары, аттестаттардын бардыгы электрондук негизде даярдалып, "Түндүккө" интеграцияланды", — деди Кендирбаева.

Мектепке чейинки билим берүү: Бекем пайдубал

Билим берүүдөгү өзгөрүүлөр эң алгач мектепке чейинки баскычтан башталууда. Учурда 3–5 жаштагы балдарды камтуу 51%ды түзүп, 2 миң 344 бала бакчада 320 миңден ашуун бала тарбияланууда. Бул балдардын эрте өнүгүүсүнө шарт түзгөн маанилүү көрсөткүч. Тарбиячылардын саны 11 миң 959га жетип, алардын ичинен 4 миң 851и жаңы программалар боюнча окутулган. Мындан тышкары, бала бакчаларга психолог жана логопед сыяктуу адистер киргизилип, балдардын комплекстүү өнүгүүсүнө шарт түзүлдү. Бардык мекеменин бирдиктүү санарип платформага "balalyk.edu.gov.kg" системасына өтүшү башкарууну жеңилдетип, ачык-айкындуулукту камсыз кылууда.

12 жылдык билим берүүнүн негизги артыкчылыктары

12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн бир нече негизги себеби бар:

  • Билим мазмунун жаңылоо — заманбап талаптарга жооп берген окуу программалары киргизилүүдө;
  • Профилдик окутуу — окуучулар өз кызыкчылыгына жараша багыт тандай алышат;
  • Эл аралык интеграция — кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн билими дүйнөлүк стандарттарга шайкеш болот;
  • Жеткиликтүүлүк — 6 жаштагы бардык балдарды мектепке даярдоо менен жалпы камтуу камсыздалат.

Бул өзгөрүүлөр окуучуларга жөн гана билим берүү эмес, алардын ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Статистика: Билим берүү тутуму өсүүдө

Аяктап бара жаткан 2025–2026-окуу жылында:

  • 1–2-класстарга 373 миң 268 бала кабыл алынган;
  • 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүргөн;
  • 11-классты 80 миң 829 бүтүрүүчү аяктаган;
  • ЖРТга катышкандар 64 миң 83 окуучуну түзгөн.

Бул көрсөткүч билим берүүгө болгон суроо-талаптын өсүп жатканын көрсөтөт. Акыркы жылдары ЖРТга катышкандардын саны туруктуу өсүүдө, бул бүтүрүүчүлөрдүн жогорку билим алууга умтулуусун айгинелейт. Билим берүүгө санариптик технологияларды киргизүүнүн алкагында окуучулар ЖРТга "Булак" платформасы аркылуу акысыз даярдана алышат, мында 94 миңден ашык окуучу катталган.

Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген же алыскы аймактардагы балдар үчүн Туңгуч онлайн мектеби ачылып, учурда 2 миң 540 окуучу билим алууда.

Жаңы муундагы мектептер жана STEM багыты

Өлкөдө 53 моделдик мектеп жана 220 STEM-лаборатория түзүлүүдө. Бул окуучулардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, практикалык билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Табигый жана так илимдер боюнча дүйнөлүк стандарттарга өтүү да маанилүү жетишкендик болуп саналат. Натыйжада кыргызстандык окуучулар дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө билим алууда кыйынчылыкка туш болбойт.

Окуу китептери: Мамлекеттик саясат жана жеткиликтүүлүк

Буга чейин окуу китептери көбүнчө жеке тараптар тарабынан чыгарылып келсе, 2023-жылы мамлекеттик "Окуу китеби" басма үйү түзүлгөн.

Кендирбаева билдиргендей, 2025-жылы китеп басууга 856 миллион сом, ал эми 2026-жылы 744 миллион сом каралган. Жалпы 4,8 миллион нускадан ашык жаңы окуу-методикалык комплекс басылып чыккан.

"Жаңы муундагы бул окуу-методикалык комплекстер 12 жылдык билим берүүнү тейлей турган китептер. Биз этап-этабы менен 3 жылдын ичинде бардык мектептин китептерин камсыз кылабыз. Бул китептер эч жерде сатылбайт, бекер же 25 сомдук ижара акысы менен берилет. Табигый жана так илимдер боюнча дүйнө боюнча бирдей талапка кирдик. Биздин балдар Кытайдан, Америкадан же башка каалаган өлкөдөн окуй турган болсо, дал ошондой дүйнөлүк формуланын негизинде эч үзгүлтүккө учурабай окушат. Бул китептердин бардыгы жаттамай эмес, баланы өнүктүрүүгө багытталган. Биз сиздерден айрым кемчиликтердин бардыгын угуп, жакшыртканга тынымсыз изденип жатабыз. Өнүгүүнүн жолунда сөзсүз кемчиликтер болот, идеалдуу деп айта албайбыз. Сиздердин сыныңыздар бизге керек", — деди Кендирбаева.

Мугалим — реформанын негизги күчү

Билим берүүнүн сапаты түздөн-түз мугалимдерге байланыштуу. Ошондуктан 10 миңден ашык башталгыч класстын, 7 миңден ашык математика, 5 миңден ашык англис тили жана табигый илимдер мугалими окутулганын министр маалымдады. Жалпысынан миңдеген педагог жаңы программаларга ылайык квалификациясын жогорулатууда. Ошондой эле 75 электрондук курс жеткиликтүү болуп, мугалимдер өз алдынча билим алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргызстандын 12 жылдык билим берүүгө өтүүсү — бул сапаттуу билим, тең мүмкүнчүлүк жана дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү муунду тарбиялоо багытындагы чоң кадам. Берилген фактылар көрсөткөндөй, система комплекстүү түрдө өзгөрүүдө. Инфраструктура жаңыланууда, мугалимдер даярдалууда, санариптик технологиялар киргизилүүдө жана окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Бул реформанын негизги артыкчылыгы ар бир балага сапаттуу билим алып, өз мүмкүнчүлүгүн толук ишке ашырууга шарт түзүлүп жатканында.