Билим берүүдөгү реформа: 1200 мугалим жаңы форматта сабак өтүүнү үйрөндү

Билим 18 Февраль 2026 08:50
638494460_1357015356472205_3812119499574664601_n.jpg
634708707_1357015346472206_7019830289866567395_n.jpg
634794201_1357015319805542_3698819964704416217_n.jpg
636723144_1357015096472231_4980882552634647679_n.jpg
637463030_1357015136472227_4146525687577119302_n.jpg
638689425_1357015116472229_5617300965249669345_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 18.02.26 /Кабар/. Англис тили мугалимдерин окутууга багытталган "Жаңы муунга билим берүү" долбоору жыйынтыкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Долбоор өлкөнүн бардык жети облусунда жана Бишкек шаарында ишке ашырылып, 800 англис тили жана 400 STEM мугалимин камтыды. Ал мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана заманбап, натыйжалуу сабактарды өткөрүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталды.

Долбоордун жыйынтыктоочу аземине катышкан агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева англис тили заман талабы экенин белгилеп, аны билүү эл аралык билим берүү программаларына жол ачарын айтты. Ошондой эле келечекте STEM дисциплиналарын дүйнөлүк стандарттарга ылайык англис тилинде окутуу пландалып жатканын билдирди.

Программанын алкагында 64 улуттук тренер-мугалим оффлайн форматта интенсивдүү окутууларды жана ай сайын онлайн вебинарларды өткөрүштү. Алар англис тилин өркүндөтүү, долбоордук окутуу (PBL), окуучуга багытталган усулдарды киргизүү жана окуу материалдарын жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу багытында республика боюнча мугалимдерди окутушту.