Билим берүү министри Ошто жер титирөөдөн жабыркаган мектептердин абалы менен таанышты

Аймак 19 Март 2025 17:16
480971206_1079034927603584_3089057791584436083_n.jpg
480604241_1079034214270322_4117739559231673111_n.jpg
480822385_1079034350936975_839062320629702297_n.jpg
480939836_1079034697603607_5405857480990806660_n.jpg
480941201_1079034904270253_4478905881868203561_n.jpg
480960720_1079034567603620_3493955069128796846_n.jpg
480963113_1079034820936928_4984747315061937377_n.jpg
480963413_1079034734270270_4219271244061065029_n.jpg
480963415_1079034360936974_3398918273620307241_n.jpg
480965479_1079034204270323_8783917804775797828_n.jpg
480969049_1079034510936959_6971448985676136427_n.jpg
482251231_1079034197603657_1530818108022291222_n.jpg
482269799_1079034330936977_7767753742328956678_n.jpg
485128467_1079034544270289_3683835281142736273_n.jpg
485747496_1079034857603591_6666203491064421484_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жумушчу сапарынын алкагында 12-мартта Ош облусунда катталган жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган мектептердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Белгилей кетсек, жалпы Ош облусу боюнча 14 социалдык объект, анын ичинде 12 мектеп, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган. Ал эми Кара-Суу району боюнча 12 мектеп, 1 бала бакча, Жоош айыл аймагында 7 мектеп, 1 бала бакча, Ала-Тоо айыл аймагында 1 мектептин, Датка айыл аймагында 3 мектептин, Савай айыл аймагында 1 мектептин дубалында жаракалар пайда болгон.

Кара-Суудагы №10 Питомник орто мектебинин бир класс кабинетинде дубалдан жарака кеткен. Мектеп директору Бактыгүл Акматованын айтымында, мектеп 2005-жылы ашар жолу менен курулган.

Министр Кендирбаева аталган айылга жаңы мектеп курууга пландалган жери бар экенин, мугалимдерге кооптонууга негиз жок экенин айтып, жакынкы арада ноутбуктар менен камсыз болорун баса белгиледи.

Ал эми №101 К. Момбеков атындагы орто мектебинде окуучулардын саны көп болгондуктан жаңы мектеп куруу керек. Мектептин директору Нуриля Сыдыкова билдиргендей, учурда 540 орунга ылайык мектепте 1716 окуучу билим алууда.

Кара-Суу районунун Медресе айылына мектептин жаңы имараты курулуу алдында турганы белгилүү болду.