Бийлик күйүүчү май рыногундагы кырдаалды көзөмөлдөп, таңкыстыктын алдын алат

Экономика Загрузка... 12 Октябрь 2025 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 12.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасынын өсүшү уланууда. 2025-жылдын октябрь айында өлкөдөгү май куюучу жайларда бензин менен дизелдин баасы дагы жогорулап, бул абал айдоочуларды да, транспорт чыгымдарына көз каранды ишкерлерди да тынчсыздандырууда.

Баанын өсүшү жана анын себептери

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатовдун маалыматында, күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосунун негизги себеби россиялык мунай кайра иштетүүчү заводдордогу сатуу баасынын өсүшү болгон. Россия Кыргызстанга күйүүчү майдын негизги жеткирүүчүсү бойдон калууда, анткени бардык күйүүчү-майлоочу материалдын 90 пайыздан ашыгы ошол жактан алып келинет.

Ошондой эле учурдагы Россияда мунайды кайра иштетүүчү заводдордун оңдоп-түзөөгө кириши да кошумча фактор болууда. Анткени, алардын кандайдыр бир бөлүгү Украина тараптан дрондук чабуулга кабылган.

"Нефтепродуктулар аз, ал эми биздин өлкөдө суроо-талап чоң болгондуктан баалар өсүүдө. Анын кору азайып кетти, анткени жүктөр аз, компаниялар өздөрүнүн ички корун колдонууда. Азыр бардык нефтетрейдерлер жана министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майдын альтернативдүү өндүрүүчүлөрүн издөөдө. Мында Казакстан, Азербайжан, Иран, БАЭ, Латвия, Литва, Кытай жана башка бардык өлкөлөр каралууда. Учурда адистер ташып келүүдөгү транспорттук чыгымдардын баасын эсептешүүдө. Күйүүчү майдын тартыштыгына жол бербөө үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат", - деди Эшатов.

Анын айтымында, учурда Бишкекте АИ-92 маркасындагы бензиндин орточо баасы 75–76 сом, АИ-95 - 80 сом, дизел майы дагы - 80 сомдон сатылууда.

Мүмкүн болгон тартыштык жана өкмөттүн чаралары

Баанын өсүшүнө байланыштуу өкмөт абал көзөмөлдө экенин жана таңкыстыкты жоюу үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, учурдагы күйүүчү майдын запасы ички рынокту болжол менен бир айга камсыздай алат.

Монополияга каршы кызматтын табигый монополияларды жана доминанттык түзүмдөрдүн рынокторун жөнгө салуу бөлүмүнүн адиси Адеми Мурзабекова маалымдагандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү боюнча төмөнкү чарбалык субъекттер иштейт:

- “Мунай Пром” ЖЧКсы – бензин жана суюлтулган газ боюнча;

- “Альфа Ойл” ЖЧКсы – бензин боюнча;

- “PH-Кыргызнефтепродукт” ЖАК – бензин боюнча.

Ал белгилегендей, монополияга каршы мыйзамдарга ылайык, бул чарбалык субъектилер мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөйт, алардын ишмердүүлүгүнө кийлигишпестен экономикалык-статистикалык байкоо гана жүргүзүлөт. Күйүүчү-майлоочу каражаттарды жеткирүү Кыргызстан менен Россиянын Энергетика министрликтеринин ортосундагы тиешелүү макулдашуулардын алкагында ишке ашырылат.

“Аталган макулдашуу боюнча 2025-жылга индикативдик баланс 1 млн 200 миң тонна бензин жана дизель май көлөмүндө бекитилген. Бирок, нефтетрейдерлердин демилгеси менен бул көлөмдү көбөйтүү маселеси каралууда, анткени күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Ошондой эле нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча өлкөнүн баа түзүү мыйзамына ылайык, кызмат менен нефтетрейдерлердин ортосунда калкты мунайзаттары менен камсыздоо боюнча кызматташуу келишимине кол коюлган. Ага ылайык, нефтетрейдерлер тышкы факторлорду жана өзүнүн ички саясатын эске алуу менен баанын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле зарыл запастарды камсыз кылууга жана таңкыстыкка жол бербөөгө милдеттүү”, - деди Мурзабекова.

Адис маалымдагандай, кызмат нефтетрейдерлер менен өз аянтчасында туруктуу жолугушууларды өткөрүп, баа саясаты жана запастар боюнча талкууларды жүргүзүп келет. Ошондой эле күнүгө кызмат тарабынан Бишкек шаарындагы жана республикадагы май куюучу жайлардагы күйүүчү майлардын чекене бааларына мониторинг жүргүзүлүп, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү баалар боюнча салыштыруу жүргүзүлөт.

Монополияга каршы кызматтынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери АИ-92нин баасы орточо 8,5 сомго, АИ-95 - 6,5 сомго, дизель 5,5 сомго кымбаттаган. 2024-жылдын октябрында АИ-95 - 74,4 сом, АИ-92 - 67,4 сом, ал эми дизель - 75,3 сом болгон.

Бул кырдаалга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында жыйын өткөрүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бааны көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жетиштүү запас түзүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле өкмөт буга чейин ЕАЭБ чегинен тышкары күйүүчү майды экспорттоого тыюу салган.

Башка Борбор Азия өлкөлөрүндө абал кандай

Кошуна Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө да октябрь айында күйүүчү майдын баасы жогорулаган. Ачык маалымат булактарынан белгилүү болгондой, Казакстан менен Тажикстанда баа 3 пайызга чейин өскөн.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 18.11.17.jpeg

Казакстанда бир литр АИ-92 жана АИ-95 бензини 235 - 285 теңге, дизель - 315 теңге турат. Казакстанда акциздери төмөн салык саясатынан жана мунай экспортунан түшкөн кирешенин эсебинен ички рынокту субсидиялоодон улам бензин арзаныраак. Ошондой эле ал жакта мунайды кайра иштетүүчү заводдордун модернизацияланышы жана ички рынокко арзан баада күйүүчү май бөлүү саясаты бааны кармап турат.

Тажикстанга келсек, 2025-жылдын октябрь айынын башында бир литр бензиндин орточо баасы болжол менен 1,12 АКШ долларын түзгөн. Бирок, бул Өзбекстан менен катар Борбор Азиядагы эң кымбат бензин. Тажикстандын күйүүчү майдын импортуна көз карандылыгы, өлкө нефти каражаттарын көп көлөмдө өндүрбөгөндүгү, ошондой эле салыктар менен жыйымдардын жогорку үлүшү бардыгы биригип өлкөдө бензиндин кымбат болушуна таасирин тийгизүүдө.

Өзбекстанда күйүүчү майдын баасы литрине 1,113 АКШ долларын түзөт. Ошону менен катар өлкөдө төмөнкү октандуу АИ-80 бензинин өндүрүүдөн баш тартышып, АИ-92 сыяктуу жогорку октандуу маркага өтүү жүрүп жатат. Жогорку баалар рыноктогу эркин суроо-талаптын жана сунуштун натыйжасы менен түшүндүрүлөт.

Түркмөнстанда болсо бензиндин баасы болгону 0,429 доллар болуп, дүйнөдөгү эң арзан күйүүчү майлардын катарына кирет. Бул өлкөдө баа төмөн, анткени газ запасы көп жана өкмөт күйүүчү май тармагын субсидиялайт. Мындан тышкары, жарандарга бекер күйүүчү май талондору берилет, бул ички баанын төмөн болушуна өбөлгө түзөт.

Түркмөнстанда бензиндин бир литри 0,429 АКШ долларын түзүп, бул Борбор Азияда гана эмес, дүйнөдөгү эң арзан баалардын бири болууда. Бензин отун өндүрүү үчүн колдонулган жаратылыш газынын бай запасы жана отун секторун активдүү мамлекеттик субсидиялоонун натыйжасында арзан. Мамлекет ошондой эле транспорт ээлерине күйүүчү майга бекер талондорду берип, калк үчүн күйүүчү майдын төмөн баасын кармап турат.