Бишкекте, 20.04.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт.
“Алар энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда бир топ роль ойнойт”, - деди президент.