Бишкек, 18.08.2025. /Кабар/. Бүгүн АКШнын борбору Вашингтондо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамп жолугушат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
Трамптын басма сөз катчысы Кэролайн Ливиттин билдирүүсүнө караганда, Трамп алты сааттык учуу учурунда убактысынын көпчүлүгүн телефон аркылуу сүйлөшүүгө арнаган.
Зеленскийдин кеңсеси президенттердин телефон сүйлөшүүсү "узакка созулганын" белгилеп, алгач эки лидер жеке сүйлөшүп, андан кийин аларга европалык лидерлер кошулганын билдирди.
Зеленский өзүнүн Telegram-каналында Трамптын "Украина — АКШ — Россия" форматындагы үч тараптуу конференция өткөрүү сунушун колдоорун жарыя кылды.
Аталган жолугушуунун алдында, Трамп Fox News телеканалына берген маегинде, "Эми бардыгы Владимир Зеленскийден көз каранды", — деп билдирген. Ошондой эле ал Украина жана Россия президенттери менен үч тараптуу жолугушууга катышууга даяр экенин белгилеген.
"Эгер алар кааласа, мен бул жолугушууга барам. Мен ал жерде болгум келгендиктен эмес, бул иштин аткарылышын каалаганым үчүн. Азыр алар Зеленский менен Путиндин жолугушуусун уюштурууну көздөп жатышат, мен да ошол жерде болом", — деген Трамп.
Муну менен катар ал Россия президенти Владимир Путин менен Аляскадагы жолугушуусун 10 баллдык шкала боюнча "10 балл" деп баалаганын билдирди.
Анын айтымында, Путин тынчтык орношуна жетишүүнү каалайт.
Эске салсак, 15-августта Аляскадагы Элмендорф-Ричардсон аскердик базасында Путин менен Трамп жолугушкан. Жолугушуу үч саатка жакын созулуп, анын жүрүшүндө форматтар алмашкан: башында эки тараптуу, андан кийин "үчкө үч" форматында өткөн.
Жолугушууга Россия тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана тышкы иштер министри Сергей Лавров, ал эми АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио жана президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф катышкан.