Ар жыл сайын 11-декабрда дүйнө Эл аралык тоолор күнүн белгилейт. Бул дата тоолордун Жер планетасы үчүн канчалык маанилүү экенин эске салып, анын экосистемаларын коргоого жана сактоого чакырат. Кыргызстан үчүн да бул күн өзгөчө мааниге ээ, анткени өлкө аймагынын 90%дан ашыгы тоолордон турат. Андыктан алар өлкөнүн сыймыгы, табигый байлыгы, климаттык уникалдуулугу жана туризмдин негизги булагы болуп саналат.

Табияттын байлыгы — тоолор
Тоолор – бул таза суунун башаты, био ар түрдүүлүктүн өзөгү жана миңдеген адамдар үчүн жашоо тиричиликтин негизги булагы. ЮНЕСКОнун маалыматына ылайык, дүйнөдө 1,1 млрд адам же дүйнө калкынын 14%ы тоолуу аймактарда жашайт. Ал эми 3-4 млрд адам тоолордон агып түшкөн сууларга, энергияга жана башка ресурстарга көз каранды.
Тоо экосистемалары коркунуч алдында
Акыркы жылдары климаттын ысышы тоолорго олуттуу зыян келтирүүдө. Мөңгүлөр тездик менен эрип, суу ресурстары азайып, айлана-чөйрөнүн абалы начарлап бара жатат. Эксперттердин эсеби боюнча Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн 30–40%ы акыркы он жылдыкта өз көлөмүн жоготту. Бул - келечекте суу тартыштыгы күчөйт дегенди билдирет.

Кыргызстан — тоолор өлкөсү
Байыртадан кыргыз элинин көчмөн жашоосу Ала-Тоонун койнунда калыптанып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Тоолор элдин тарыхы, маданияты жана жашоо образы. Жашоо-тиричиликтин гана эмес, руханий дүйнөнүн да өзөгүн түзгөн ыйык мейкиндик болуп, эл үчүн илгертен табигый коргонуу, эркиндиктин жана туруктуулуктун символу катары өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Ар бир кыргыз жараны өзүн тоолору менен ишенимдүү сезет. Алыска кетсе аны сагынат.
Бийик чокулары менен миң жылдык мөңгүлөрү
Кыргызстандын эң чоң тоо системасы болгон Тянь-Шань тоолору Азиядагы эң узун жана бийик тоо системасы катары белгилүү жана өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн ээлейт. Ал эми эң бийик чокулары — Жеңиш (7439 м), Ленин (7134 м) жана Хан-Теңир (6995 м). Ошондой эле өлкөнүн аймагында 8000ден ашуун мөңгү бар жана алардын жалпы аянты боюнча болжол менен 8100 чарчы чакырымды түзөт. Алар суу ресурстарынын эң чоң булагы болуп саналат.

Кыргыз эли байыртадан тоолорго аяр мамиле кылган
“Органик холдинг” уюмунун негиздөөчүсү Султан Сарыгулов тоо экосистемаларына аяр мамиле жасоого чакырат.
"Тоолор — ата-бабалардан калган чоң мурас, аны кийинки муунга сактап өткөрүү биздин жоопкерчилик. Бүгүн тоо экосистемалары климаттын өзгөрүшү жана адамдын ашыкча басымы себептүү олуттуу коркунучта турат. Ошондуктан тоолорго жана мөңгүлөргө болгон мамилебизди кайра карап чыгышыбыз керек. Кыргыз эли байыркы учурларда жайлоого же кыштоого көчүп, жайыттарды эс алдырып, малдын санын да табиятка ылайык жөнгө салып, табият менен тең салмакта жашаган. Азыр да биз жаратылыштын бир бөлүгү катары ушундай тажрыйбадан үлгү алып, ресурстарды туура, этият пайдаланууга өтүшүбүз керек", - деди ал.

Тоолорду сактоо үчүн биргелешкен аракеттер зарыл
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды “Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялаган. Ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясында 2023-2027-жылдарды Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган.
“Жашыл энергетика” коомдук фондунун төрайымы, эколог Анара Султангазиева аба ырайын өзгөртүү мүмкүн эместигин, бирок ага ылайыкташып жашоо зарылдыгын белгилейт.
“Учурда дүйнөдө эң маанилүү болуп турган маселе - экосистеманын туруктуулугун сактоо. Өзгөчө тоолор жашообуздун өзөгү болуп саналат. Ошондой эле мөңгүлөр, токойлор жана эң башкысы суу ресурстары анын сап башында турат. Ал үчүн өлкөлөр жапа тырмак аракеттерди жасашы керек”,-деп белгилейт ал.

Табиятты коргоо — ар бирибиздин милдетибиз
Тоолорду коргоо — бул жөн гана мамлекеттик саясат эмес, ар бир жарандын жалпы жоопкерчилиги. Бул үчүн төмөнкү кадамдар маанилүү:
- Мөңгүлөрдү жана башка суу булактарын коргоо;
- Токойлорду кыюуну азайтуу;
- Экотуризмди өнүктүрүп, таштанды таштабаган маданиятты жайылтуу;
- Жаштарды табиятты баалоого үйрөтүү.
Тоолор - мекенибиздин жүрөгү, бүгүнкү муундун жоопкерчилиги жана эртеңки муундун аманаты.