Бүгүн Таза колдор күнү белгиленүүдө. Кызыктуу фактылар

Ден соолук Загрузка... 15 Октябрь 2025 16:25
169399981051249280.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Жыл сайын 15-октябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан бекитилген, гигиенаны сактоонун маанилүүлүгүн коомчулукка маалымдай турган Таза колдор күнү белгиленип келет. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борборунан билдиришти.

Таза колдор күнү биринчи жолу 2008-жылы гигиеналык практиканы сактоо боюнча глобалдык демилгелердин бир бөлүгү катары белгиленген. ДСУ колду таза жуу жугуштуу оорулардын алдын алуунун маанилүү элементи катары санайт. Бул демилге калктын саламаттыгын сактоо жана оорулардын санын азайтуу боюнча кампаниянын бир бөлүгү болуп калды.

Колду дайыма таза жуу ар түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алууга жардам берет:

  • КРВИ, ссасык тумоо
  • Вирустук конъюнктивит
  • Ротавирус инфекциясы
  • А гепатити
  • Дизентерия
  • Альвеококкоз
  • Эхинококкоз
  • Лямблиоз
  • Гельминтоз
  • Сальмонеллёз
  • Тиф.

Колду кантип таза жуу керек?

  1. Алгач колду сууга жууңуз
  2. Керектүү өлчөмдө самынды көбүртүңүз
  3. Бир алаканды экинчи алаканга сүртүңүз
  4. Оң колуңуз менен сол колуңуздун манжаларын, сол колуңуз менен оң колдун манжаларын сүртүңүз
  5. Улам колду алмаштырып, баш бармактарды айланта сүртүңүз
  6. Самын толугу менен кеткичекти колду суу менен жууңуз
  7. Колду курчак кагаз же кол аарчы менен кургатыңыз
  8. Суу чоргосун колдонгон кагазыңыз же сүлгү менен жабыңыз

Колду канча убакыт жуу зарыл?

Орточо эсеп менен адамдар колун 10 секунда жууйт. Негизинен колду 40-60 секунда жуу зарыл, жок эле дегенде, 20 секунда талап кылынышы керек.

Колду дезинфекциялоо үчүн курамында 65%дан кем эмес спирти бар колду тазалоочу каражатты колдонуңуз жана аны колуңузга кеминде 20 секунда сүртүңүз.

Колду качан жууш керек?

  • Дааратканадан кийин;
  • Тамак жасарга чейин жана тамак жасагандан кийин;
  • Таштанды кармаганда;
  • Үй жаныбарларын кармагандан кийин;
  • Баланын жалаягын алмаштырганда же чогуу дааратканага киргенден кийин;
  • Үйдөн тыш жакта жүргөндө, акча кармаганда;
  • Коомдук транспорт жана унаадан түшкөндөн кийин;
  • Чүчкүргөндө жана жөтөлгөндөн кийин;
  • Оорулуу адамды багуу учурунда.

Кызыктуу фактылар:

  • Колуңуздагы бактериялардын көбү манжаңыздын учунда жана тырмагыңыздын астында болот;
  • Нымдуу колдор кургак колдорго караганда 1000 эсе көп бактерияларды таратат;
  • Колду кургатуунун эң гигиеналык жолу – бир жолу колдонулуучу кагаз сүлгү.