Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Алтын кум" эс алуу жайынын аймагында суу алдындагы тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суучулдар кызматынан билдиришти.
Тазалоо иштерин Суучулдар кызматынын суучулдары жүргүзүп, көлдүн түбүнөн болжол менен 1,5 тонна ар кандай таштанды чыгарылды.
Белгиленгендей, мындай иштер Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоого жана анын экологиялык абалын сактоого багытталган.