Бүгүн мектептерде биринчи коңгуроо кагылат

Билим 01 Сентябрь 2025 09:45
photo_5307598393033488761_y.jpg
photo_5307598393033488759_y.jpg
photo_5307598393033488758_y.jpg
photo_5307598393033488763_y.jpg
photo_5307598393033488760_y.jpg
WhatsApp Image 2025-09-01 at 10.04.59.jpeg
Алдыга
Артка
photo_5307598393033488761_y.jpg
photo_5307598393033488759_y.jpg
photo_5307598393033488758_y.jpg
photo_5307598393033488763_y.jpg
photo_5307598393033488760_y.jpg
WhatsApp Image 2025-09-01 at 10.04.59.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, быйылкы окуу жылынан тарта 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирет. Бардык класстар үчүн — 1-класстан 12-класска чейинки предметтик стандарттар жана программалар жаңыртылды. Ошондой эле биринчи жолу жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүндү.

Министрлик алгачкы сабактардын темаларын аныктады:

  • 1-класстар үчүн — «Мен мектепке барам — билимдин кенчи!»;
  • 2—4-класстар үчүн — «Менин сүйүктүү мектебим — менин гүлдөгөн Мекеним!»;
  • 5–9-класстар үчүн — «Мен ким болгум келет жана мектеп бул жагынан мага кандай жардам берет?»;
  • 10–11-класстар үчүн — «Келечектин билими: «Алтын Казык» программасы мага эмне берет?»

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 2394 мектеп бар. Аларда 1,5 миллиондон ашык бала окуйт.

Окуучуларга 93 миңден ашык мугалим сабак берет.

Быйыл 207 миңге жакын бала 1-2-класска барат.