Бүгүн мамлекеттик гимндин жаңы редакциясынын тексти жана музыкасынын мыкты долбоорлоруна сынак жарыяланат

Коом Загрузка... 07 Февраль 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-02-07 at 09.49.28.jpeg
copyright icon Мээрим Дүйшөналиева

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Бүгүн мамлекеттик гимндин жаңы редакциясынын текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлоруна сынак жарыяланат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.

Анын айтымында, сынакка катышууга табыштамаларды кабыл алуу милдети министрликке жүктөлгөн.

"Бүгүн, 7-февралда расмий түрдө биздин ведомство тарабынан республикалык сынак жарыяланат. Сынактык табыштамалардын кагаз жүзүндөгү варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор 20-мартка чейин кабыл алынат", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Ынтымак Ордодо" мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясына мыкты долбоорлорду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү.