Бүгүн Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясына жарыяланган сынак аяктайт

Коом Загрузка... 20 Март 2025 15:05
267904433_214253664199731_7545166612769517860_n.jpg
copyright icon www

Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. КРнын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясына жарыяланган сынак бүгүн аяктайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

”Маданият министрлигиндеги түзүлгөн техникалык топ каттоодон өткөн өтүнмөлөрдү кабыл алып, аларды ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берет. Катышууну каалагандар саат 17:00гө чейин өтүнмөлөрүн тапшырса болот”, – деп айтылат маалыматта.

Экинчи этапта комиссия чыгармаларды белгиленген критерийлер боюнча баалап, мыкты үч эмгекти Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтөт.

Белгилей кетсек, аталган комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жазуучулар, композиторлор жана маданият ишмерлери кирет.

Эске салсак, сынактын жеңүүчүлөрү кыргыз элинин негизги баалуулуктарын даңазалаган, мекенчилдик сезимди күчөтүп, өлкөбүзгө сыймык менен мамиле кылууга үндөгөн жаңы мамлекеттик символду жаратууга салым кошууга мүмкүнчүлүк алышат.