Бүгүн Кара-Кулжада сууга түшүп кеткен баланы издөөгө 100дөн ашык адам чыкты

Аймак 23 Апрель 2025 15:49
492257696_1078758674296858_6117323056484696989_n.jpg
491998872_1078760207630038_4396247777441584328_n.jpg
492008757_1078758660963526_993034047004905592_n.jpg
492205288_1078760210963371_3659622389547055209_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө иштерине 100дөн ашык адам чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 80 адам бар.

Ага чейин бүгүн таң эрте Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунан жалпы 10 куткаруучу тартылган.

Белгилей кетсек, Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу жаш бала 20-апрель күнү түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.